Грециядагы жер титирөөдө курмандыктар бар

Жер титирөөнүн очогу сууга тураа келген

Сүрөттүн булагы, USGS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жер титирөөнүн очогу сууга тураа келген

АКШнын Геологиялык чалгындоо кызматынын билдиргенине караганда, Англиянын жайкы убактысы боюнча түнкү саат бир жарам чамасында жер силкинип, күчү 6,7 баллга жетти. Грецияда кеминде эки киши өлдү.

Титирөө жер алдынан 10 чакырымда болуп, очогу Эге деңизине туура келген. Герциянын расмийлери туристтик Кос аралында кеминде эки киши мерт кетип, жыйырмадан ашыгы жаракат алганын билдиришти.

Сүрөттүн булагы, REUTERS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кос аралында көп имарат жараксыз болду

Жер титирөө Түркиянын курорттук Бодрум шаарына жана Мугла районуна туш келди. Бодрумдан 70 чамалуу киши ар кандай оор эмес жаракаттар менен ооруканага кайрылган. Айрым басылмалар Түркияда кабаттүү үйлөрдүн терезелеринен чекирип түшүшкөнүн жазууда. Би-Би-Си Түрк кызматы билдиргендей, кийинки силкинүүлөр таң атканга чейин уланды. (АК)