Кабулда жанкечтинин жардыруусунан отуздан ашык адам курман болду

Жардыруу Кабулдун батышындагы шииттер жашаган райондо болду.

Сүрөттүн булагы, Empics

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жардыруу Кабулдун батышындагы шииттер жашаган райондо болду.

Кол салуунун максаты айкын эмес. Жанкечти жардыруунун негизинен Кабулдун көбүнчө хазарлар жашаган, шиит мусулмандардын районунда жасады.

Жардыруу ошондой эле көрүнүктүү өкмөттүк лидер, көп жылдар бою талибдердин душманы болуп келген мурдакы командачы Мухаммад Мохакиктин үйүнө жакын жерде болду.

Он беш дүкөн жана үч автоунаа жардырудан талкаланды.

Жардырууда курман болгондордун көбү Тоо кен министрлигинде иштегендер. Кен байлыктар өлкөнүн экономикасынан үмүт арткан тармагы.

Президент Ашраф гани бул кол салууну карапайым элге жана мамлекеттик объектиге чабуул деп айыптады. Ал эми Ички иштер министрлиги адамзатка каршы кылмыш деп атады.

Талибан кыймылы кол салуунун жоопкерчилигин өзүнө алып, жардыруунун бутасына чалгынчылар алынган деп жатат.

Май айында дагы дипломатиялык райондо жүк ташуучу унааларды массалык бомбалоо болуп, 150 адам мерт болгон.

Видеонун түшүндүрмөсү,

Кабулдагы шииттер районунда болгон жардыруу

Ошентип өлкөдө кан төгүулөр тыйылбай жатат. Айыл жеринде үстөмдүк кылган талибдер бара-бара шаардык райондорго кысым көргөзүүгө аракет кылышууда.