“Жумхуриет” гезитинин соту

Түркияда оппозициячыл, секулярдык “Жумхуриет” гезитинин 17 кабарчысы жана жетекчилери соттолууда.

Террорчу уюмга көмөк көрсөткөн деп айыпталган кызматкерлер 43 жылга абакка кесилиши ыктымал. Алардын көбү камакта олтурганына тогуз ай болду.