АКШнын Конгресси Орусияны жазалоону көздөйт

Россияга санкцияларды күчөтүүнү караган мыйзам долбооруна Трамптын эки анжы болгон мамилеси байкалууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Россияга санкцияларды күчөтүүнү караган мыйзам долбооруна Трамптын эки анжы болгон мамилеси байкалууда

Бүгүн АКШнын Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Россиянын АКШдагы шайлоо өнөктүгүнө кийлигишкени үчүн ага санкцияларды күчөтүүнү караган мыйзам долбооруна добуш берген жатат.

Мыйзам долбоорунда санкцияларды Иран менен Түндүк Кореяга дагы көбөйтүү каралган. Бирок Дональд Трампты биринчи кезекте Россия үчүн каралган чаралар кыжаалат кылууда. Ал бир жагынан Москва менен мамилесин жакшырткысы келет, бирок мыйзамга вето коюп койсо анын Москва менен болгон мамилесине дагы көп сөз жабышчудай.

Президент Трамп кызматына киришип жатканда кармаган көзүрү - Россиядан санкцияларды алуу мүмкүн экенин айтып барган. Бирок Конгресстеги демократтар менен республикачылдардын ой-максаты санкцияларды кайрадан күчөтүү жөнүндө болуп жатат.

"Конгресс бир добуштан президент Путинге Американын элинин атынан так билдирип жатабыз. Эми муну жеткирүү үчүн бизге президент Трамп керек",-деген сенатор-демократ Бен Кардин Би-Би-Сиге.

Крымды кошуп алганы жана адам укуктарын бузуп жатканы, ошондой эле америкалык шайлоого кийлигишкени үчүн деген негиздер айтылууда. Жаңы санкциялар мунайзат долбоорлоруна салынмакчы.

Эң башкысы, мыйзамчылар президенттин бир тараптуу вето салып коюу укугун чектеген жатышат. Мыйзам долбооруна ылайык, президент бул маселени cөзсүз түрдө Конгресс менен кеңешип чечүүгө тийиш болот.

Видеонун түшүндүрмөсү,

Путин менен Трамп Гамбургда жолугушту

Бул президент Трамптын Москва менен болгон достук мамилесине Конгресстин канчалык ишенбей турганын көрсөтөт. Ошондой эле Трамптын шайлоо өнөктүгү менен Россиянын тымызын байланыштары боюнча иликтөөлөр анын саясий беделин да түшүрүп жатат.

Москва өз кезегинде америкалык шайлоого эч качан кийлигишпегенин кайталап, АКШнын жаңы санкциялары киргизүү планына нааразы мамилесин билдирүүдө. Си-эн-эндин кабарчысынын аталган мыйзам долбооруна Россиянын мамилеси жөнүндөгү суроого орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "өтө терс" деп жооп кайтарган.

Евробиримдик өз кезегинде этият болууга аракет кылууда. Еврокомиссия америкалык жаңы санкциялардын "күтүлбөгөн кесепеттери" болушу мүмкүндүгүн эскертти. (КС)