Кыргыз-Британ парламенттеринин алакалары
Кыргыз-Британ парламенттеринин алакалары
Кыргызстандын депутаттары Улуу Британияга барып, парламентаризм боюнча тажрыйба алмашууда. Учурда Кыргызстан парламенттин ролун күчтөндүрүүдө. Бирок ага карабастан парламентаризмдин идеологиясы туура эмес чечмеленүүдө деп айткан адистер арбын.
Британиядагы парламент дүйнөдөгү эң күчтүү системалардын бири экени бышык.
Би-Би-Синин продюсери Акчолпон Койчиева Британ парламентинин Консервантивдик партиясынан депутаты Пол Скаллини маекке тартып, Британиядагы система Кыргызстандагы парламентаризмге кантип таасир этиши мүмкүн деп сурады.