Россия АКШга жаңы санкциялар менен жооп кайтарды

Россиянын Тышкы иштер министрлиги

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Россиянын Тышкы иштер министрлиги америкалык дипломаттарга Серебрянный Бордогу дача менен Москвадагы кампаларды пайдаланууга тыюу салды жана Россиядагы америкалык дипломатиялык жана консулдук мекемелерде кызматкерлердин санын кыскартууну сунуш кылды. Тийиштүү билдирүү ТИМдин сайтында жарыяланды.

Эгерде АКШ Россияга салынган жаңы санкцияларды беките турган болсо, Москва мындай кадамга барышы мүмкүн экени күтүлгөн иш болчу. Бирок Москва өзүнүн чектөө чараларын америкалык санкциялардын бекилишин күтпөй эле киргизип баштады. Жаңы санкциялар Конгресстен өткөн, бирок АКШ президенти аны беките элек.

Кремль өз кезегинде санкциялардын Сенаттан чыккан формасына чоң көңүл буруп жатканын айтууда. "Технологиялык жагынан бул форма дээрлик бүткөн түрдө болуп жатат",-деди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Эртелеген жооп

Москва америкалык тарапка 1-сентябрга чейин Москвадагы АКШнын элчилигинде, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Владивосток шаарларындагы башкы консулдуктарында дипломатиялык жана техникалык кызматкерлердин санын АКШдагы россиялык дипмиссиянын кызматкерлеринин санына теңеп, тагыраак айтканда 455адамды кыскартууну сунуш кылды.

"АКШдагы биздин дипломаттардын санын кыскартуу боюнча америкалык бийликтин жаңы бир тараптуу аракети болсо, ага дал ошондой жооп берилет",-деди ТИМден.

Министерстлик ошону менен катар «Россия тарап 1-августтан Россиядагы АКШнын элчилигине Москвадагы Дорожная көчөсүндөгү кампаларды жана Серебрянный бордогу дачаны пайдаланууга тыюу саларын" жарыялады.

ТИМ өзүнүн чечимин «Кошмо Штаттардын белгилүү бир чөйрөсүндө русофобия күчөп, биздин мамлекет менен ачык конфронтацияга өтүштү" деп негиздеди.

Америкалык дипломаттардын санын чектөө жана пайдаланган мүлкүн алуу чечими Россияга каршы санкцияларды күчөтүүгө АКШнын сенаты макул болгондон кийин кабыл алынды.

«Санкциялар жөнүндө жаңы мыйзамды кабыл алуу Россия менен болгон мамилеге АКШнын өзүндөгү ички саясий күрөштүн кесепети тийип жатканын ачык-айкын көрсөттү",-дешти Тышкы иштер министрлигинен.

АКШнын Конгрессинин Жогорку палатасы Ак үйдүн каршылыгына карабай, көпчүлүк добуш менен Россия, Иран жана Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алган эле. (КС)