«Муз жана от ыры»: НВО тарыхындагы эң популярдуу сериал

Америкалык жазуучу Жорж Мартиндин «Муз жана от ыры» деген чыгармасынын негизинде тартылган "Такты оюндары" (Game of Thrones) сериалынын 8-сезону жарыкка чыкты. Бул тасма 2011-жылдан бери НВО тарыхындагы эң популярдуу сериал болуп калды.

Эмилия Кларк, Мэйси Уильямс и Ричард Мадден Сүрөттүн автордук укугу Getty/HBO

Сегизинчи сезон мурункудай он эмес, алты гана бөлүктөн турат. Сериал чыккан учурдан бери бир топ жыл өттү. Актерлордун турмушуна сериалдын кандай таасири тийди? Көптөрү дал ушул эпикалык сериалдын арты менен атак-даңк күттү. Айрымдары сериалга тартылып жүрүп эр жетти дегендей. Биз актерлор турмушундагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып беребиз.


Эмилия Кларк - Дейенерис Таргариен

Эмилия Кларк Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

"Такты оюндарынын" биринчи сезону чыккандан бери 32 жаштагы англиялык актриса Эмилия Кларк мындан башка тасмада дагы эки чоң ролду жаратты - "Терминатор-5" тасмасында, андан сырткары "Жылдыздар согушунун" бир бөлүмүндө. Бирок "ажыдаарлардын өкүмдары" менен бул тасмадагы каармандарды салыштырып болбойт эле. Көрөрмандар аны Дейенеристин ролундагыдай кабыл алышкан жок.

Guardian басылмасынын кино сынчысы Сара Хьюздун пикиринде, эми Кларк өзүнө байланып калган бул образынан ("Такты оюндары") алыс кетиши оңой болбойт. Башка долбоорлорго тартылып жүрүп, актриса мынчалык атактуулуктун туу чокусуна жеткен эмес дейт кино сынчылар.


Кит Харингтон - Жон Сноу

Кит Харингтон Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Англиялык актер Кит Харингтон "Такты оюндарындагы" каарманы Жон Сноу менен чоң жолду басты, ал тургай улуу жолду басты десек болот.

Аталган тасма тартылып бүткөндөн кийин Кит Харингтон Лондондогу театр сахнасында Сэм Шеппарддын "Чыныгы Батыш" пьесасында рол жаратты. Бирок аны дагы мурунку ролунда көрүп туруп алышканы кызык болду.

2018-жылы канадалык тасмада рол жаратып, бирок Кит кино сынчылардын купулуна толо алган эмес.

"Такты оюндарындагы" ролго байланып калган 32 жаштагы актер Харингтон эми көптө барып өзүн табат окшоп калды.

Нью-Йорктогу "Такты оюндарынын" акыркы бөлүгүнүн бет ачар аземинде Харингтон: "Менимче, "Такты оюндары" фэнтези жанрына болгон кишилердин кабылдоосун өзгөрттү",-деп айтты.


Лена Хиди - Серсея Ланнистер

Лена Хиди Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Жакында эле Financial Times басылмасына берген маегинде 45 жаштагы Лена Хиди бала кезинде маскарапоз же флорист болууну кыялданарын айткан.

Албетте, күтүү, өкүм сүйлөгөн, сексуалдуу Серсея Ланнистердин ролу баарынын эле багына туш боло бербейт. Жөндөмдүү актриса Хиди анын образын ийине жеткире аткаргандан кийин каяктагы флористика дегендер четтен чыкса керек.

Эми анын башка тасмалардагы бактысы кандай болоор экен? Ушул эле интервьюсунда келечек планы тууралуу: "Мен тасма тарткым келет" деп билдирген.


Николай Костер-Вальдау - Джейме Ланнистер

Николай Костер-Вальдау Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Даниялык актер Николай Костер-Вальдау "Такты оюндарына" чейин эле Голливуддун көзүнө түшүп, Ридли Скоттун аскердик-тарыхый "Кара куш" тасмасына тартылган.

Ушул жылдын май айында Брайн де Пальманын "Домино" аталышындагы криминалдык тасмасы жарыкка чыгат. Андагы башкы каарманды 49 жаштагы Костер-Вальдау ойногон.

Андан сырткары дагы эки скандинавиялык тасмада рол жаратты. Бул тасмалар канчалык кеңири тарай аларын азыр айтуу кыйын. Бирок анын "Такты оюндарындагы" образы өтө таасирдүү болду.

Софи Тёрнер - Санса Старк

Софи Тёрнер Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

23 жаштагы англиялык актриса Софи Тёрнер үчүн Вестерос жана Эссостогу кино аянтчасы карьерасындагы алгачкы тажрыйба болду.

Эми актрисага башка ролдор дагы четинен сунушталып жатат. Тушоосун кескен сериал миллиондогон көрөрмандарынын эсинде калды. Кандай ролду жаратса дагы кайра-кайра «Муз жана от ыры» жаңыра берсе керек.

Питер Динклидж - Тирион Ланнистер

Питер Динклидж Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

49 жаштагы америкалык актёр Питер Динклидж жараткан образ сериалдагы эң эсте калган каармандардын бири.

Ал 1995-жылдан баштап эле бир нече тасмага тартылган. Анын соңку ролу тунуп баштаган карьерасын чайпады, деп баалайт кино сынчы Сара Хьюз. Эми ал ушундай атактуу каарманы Тирион Ланнистердин ролунан кийин актёрдук жашоосуна кайра кайтып келе алат.

Мэйси Уильямс - Арья Старк

Мэйси Уильямс Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Арья Старк - англиялык актриса Мэйси Уильямстын алгачкы ролу. Ал 13 жашында кино дүйнөсүнө келди. Ошондон бери (2015-жылы) популярдуу англиялык сериалдарда бир нече эпизоддук ролдорду жаратты.

Анын алдында эшиктердин баары кенен ачылууда. Бирок "Такты оюндары" алып чыккан бийиктикке жете алабы? Мэйси февралда Би-Би-Сиге берген маегинде Голливуддун Олимпине чыгууга азырынча чоң деле ишеним жок экенин айтты.

"Көптөр "Такты оюндары" соңуна чыккандан кийин келечегиң али алдыда, толтура мүмкүнчүлүктөр эми ачылат деп айтып жатышат. Бирок өзүмө суроо берем: жошоодогу каалаганым эмне? Көп тасмалардын сценарийин окуп чыккандан кийин мага жакпай калат. Чындап жактыргандарымды каржылаган эч ким жок",- деген ал.

2015-2016-жылдары "Такты оюндары" 24 сыйлык алган эле. Бул жолу 22 номинацияга көрсөтүлгөн. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2015-2016-жылдары "Такты оюндары" 24 сыйлык алган эле. Бул жолу 22 номинацияга көрсөтүлгөн.

Жорж Мартиндин «Муз жана от ыры» деген чыгармасынын негизинде тартылган "Такты оюндары" (Game of Thrones) сериалы 2011-жылдан бери НВО тарыхындагы эң популярдуу сериал болуп жатат.

"Такты оюндарынын" (Game of Thrones) 6-сезондогу ар бир сериясын орточо алганда 25 миллиондон киши көргөн. Сүрөттүн автордук укугу НВО
Image caption "Такты оюндарынын" (Game of Thrones) 6-сезондогу ар бир сериясын орточо алганда 25 миллиондон киши көргөн.

Алтынчы сезондогу ар бир сериясын орточо алганда 25 миллиондон киши көргөн. Кино эпопеянын жаратуучулары сегизинчи сезону акыркы болорун билдиришкен эле.

.

Тектеш темалар