Узак жашоонун сыры ачылган беш өлкө: Кыргызстандын орду кайда?

Кыргызстандын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова өлкөдө соңку он жылдыкта жашоо узактыгы ортчо үч жылга өсүп, 71 жашты түздү деп билдирди.

«Өсүп келе жаткан муун коомдун экономикалык жана социалдык туруктуулугунан көз каранды. Бул улуттун келечеги дегенди түшүндүрөт. Балдардын жашоо деңгээли өлкөнүн өнүгүү индикатору. Бул көрсөткүч бир гана саламаттыкты сактоо тармагынан гана эмес, башка жалпы тармактар менен биргеликте ишке ашат. Кыргызстанда соңку он жылда жашоо узактыгы 3 жылга өсүп, орточо 71 жылга жетти. Мындан тышкары Кыргызстанда акыркы он жылда ымыркайлардын жана балдардын өлүмү 40% га жакын кыскарды. Аны менен бирге 2015-жылы Кыргыз Республикасы 24 өлкөнүн ичинде Миң жылдык өнүгүүнүн максаттары 4 программасында коюлган максаттарга жетишти»,-деген Алтынай Өмүрбекова.

Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайты кабарлады. Биз узак жашоо көрсөткүчү боюнча алдыда турган өлкөлөр тууралуу айтып беребиз.

Пожилые мужчина и женщина фотографируют себя Сүрөттүн автордук укугу iStock

Дүйнөдөгү орточо эсептөөлөр менен салыштырганда бул беш өлкөдө кишилер узак жашайт. Бул өлкөлөрдүн ар биринде узак, бакубат жашоонун өзүнчө сырлары бар.

Эч картайгысы келбеген адамзат Геродоттун мезгилинен бери, балким андан мурун деле дайым жаш бойдон калуунун жолун издеп келген.

Бирок эми уламыштагы мүрөктүн суусу табылбады. Ошентесе деле биздин планетада мүрөк суусуна жакын жерде жашаган кишилер бар. Мындай өлкөлөрдөгү кишилер орточо статистикада көрсөтүлгөн 71 жаштан узагыраак жашайт.

БУУнун буюртмасы менен түзүлгөн World Happiness Report докладындагы алдыда турган беш өлкөдөгү узак жашоо сырларын силер менен бирге издеп көрөлү.

Орточо алганда жапандордун жашоо узактыгы 83 жаш. Сүрөттүн автордук укугу Wibowo Rusli/Getty Images
Image caption Орточо алганда жапондордун жашоо узактыгы 83 жаш.

ЖАПОНИЯ

Орточо алганда жапондордун жашоо узактыгы 83 жаш. Япония көптөн бери эле жашоо узактыгы боюнча жогорку көрсөткүчтөгү өлкөлөрдүн бири.

Адатта «өлбөстөрдүн жери» деп тамаша чыны аралаш айтылган Окинава аралында узак жашоонун феномени боюнча эл аралык иликтөө жүрүүдө. Бул жерде азыр 400гө чукул кишинин жашы 100гө таяды.

Окумушутуулар муну негизинен жергиликтүүлөрдүн тамактануу маданияты менен байланыштырат. Ошондой эле улгайган кишилердин социалдык активдүүлүгү жана коомдук дух, стресси жок жашоо бул жерде чоң роль ойнойт.

Мындай жашоодогу артыкчылыктарга ээ болуу үчүн сиз жапон тилин үйрөнүшүңуз керек дейт көптөн бери Күн Чыгыш өлкөсүндө жашаган Даниэле Гатти.

«Жапониядагы жашоонун сапаты абдан жогору. Бирок сиз тил боюнча тоскоолдукту жеңмейин жергиликтүү менталитетти түшүнбөйсүз. Ал сиз элестеткенден да чоң өзгөчөлүгү менен батыштан айрымаланып турат».

улгайган кишилердин социалдык активдүүлүгү жана коомдук дух, стресси жок жашоо бул жерде чоң роль ойнойт. Сүрөттүн автордук укугу iStock
Image caption Улгайган кишилердин социалдык активдүүлүгү жана коомдук дух, стресси жок жашоо бул жерде чоң роль ойнойт.

ИСПАНИЯ

Жер Ортолук Деңиздин диетасы, жүрөккө абдан пайдалуу оливка майы, мөмө-жемиштер жана вино. Мунун баары испандардын узак жашоосунун сыры десек болчудай. Бул өлкөдө орточо жашоо узактыгы 82,8 жашты түзөт.

Дагы бир сыр бар экен. Аны «сиеста» (бул эми түшкү тамактануудан кийинки тыныгуу салты) деп аташат.

«Саат 14:00дөн 17:00го чейин дүкөндөр жабылгандыктан испандар la siesta кылганы жөнөйт экен деп ойлошот. А иш жүзүндө баары ушундай уюштурулган",-деп айтып берди барселоналык Микель Анхель Диес.

«Сенде түштөнүүгө жарым саат эле убакыт болсо, сатып келген бутербродуңду шашып-бушуп жеп аласын. Ал эми сенин эс алууга эки же үч саат убактың бар экенин билгениңде үйүңө жөнөйсүң же ресторанга барып, жайбаракат олтуруп тамактанасын. Сенин карамагыңда жакшылап тамак сиңирип жей турган убакыттын болгону шашып-бушуп жеп алганга караганда ден соолуккка көбүрөөк пайдасын тийгизет".

Испан шаарлары унаа менен жүргөнгө караганда жөө сейилдөөгө ыңгайлуу шарттарды түзгөн. Бул жерде тургундар жөө жүргөнгө артыкчылык беришет.

«Мен Москвадан Барселонага келгенимде дароо эле кишилер жөө жүргөндү же велосипед менен жүргөндү артык көрүшөрүн байкадым. Көптөр бир нече квартал жөө басып келип, коомдук транспортко чыгышат,-деп айтып берди Марина Манасян. - Жыйынтыгында сиз жөө жүргөндө көбүрөөк кислород алып, атмосфераны азыраак булгайсыз".

Испан шаарлары унаа менен жүргөнгө караганда жөө сейилдөөгө ыңгайлуу шарттарды түзгөн Сүрөттүн автордук укугу Jeremy Horner/Getty Images
Image caption Испан шаарлары унаа менен жүргөнгө караганда жөө сейилдөөгө ыңгайлуу шарттарды түзгөн

СИНГАПУР

Сингапурда саламаттыкты сактоо системасынын бардык тургундар үчүн ачык болгонуна жөн жерден таңдай такылдатып суктанышпаса керек. Эгерде муну жашоо узактыгы менен байланыштырып карасак, анда бул өлкөдө орточо жашоо узактыгы 83,1 жаш.

Сингапур дүйнөдө төрөт учурундагы энелердин жана балдардын өлүмү эң төмөн көрсөткүчтөгү өлкө. Бул жерде негизги басым профилактикалык медицинага жасалат.

Узак жашоого жергиликтүү маданият жана курчап турган айлана-чөйрөнүн дагы таасири бар.

«Силер фитнес-клубдарга көп кишилер барарын же парктарда дене көнүгүүлөрдү жасап жүргөндөр абдан көп экенин байкайсыңар.",-дейт бул өлкөдө жашаган блогер Бино Чуа.

Жакында эле Сингапурда биринчи жолу улгайган кишилер үчүн терапиялык парк ачылды. Мунун негизи максат стрессти азайтып, психологиялык абалды жакшыртуу.

Дагы бир белгилеп кете турган жагдай, Сингапурда зыяндуу адаттарыңыздан арыла аласыз.

«Бул жакка келе тургандар болсо, биринчи кезекте тамекиге жана ичимдикке салык абдан жогору экенин билип коюшу керек»,-деп эскертет Бино Чуа.

Силер фитнес-клубдарга көп кишилер барарын же парктарда дене көнүгүүлөрдү жасап жүргөндөр абдан көп экенин байкайсыңар Сүрөттүн автордук укугу John S Lander/Getty Images
Image caption Силер фитнес-клубдарга көп кишилер барарын же парктарда дене көнүгүүлөрдү жасап жүргөндөр абдан көп экенин байкайсыңар.

ШВЕЙЦАРИЯ

Швейцарияда эркектер башка өлкөлөргө салыштырганда узак жашайт. Орточо алганда жашоо узактыгы 81 жаш.

Европанын эң бай өлкөсү өз жарандарына жогорку сапаттагы саламатыкты сактоо системасын, жеке коопсуздук боюнча жогорку деңгээлди жана жакшы жашоого кепилдик берип келүүдө.

Ал тургай айрым иликтөөлөр швейцариялыктардын узак жашоосунун бир себебин сүт азыктарын активдүү колдонгону менен байланыштырат.

Деген менен швейцариялыктар тер төгүп мээнет кылып, карьерага байланышкан суроо бул жерде өтө маанилүү. Өлкөнүн жайгашкан жери дагы тургундарды жумуш менен ишти тең салмакта кармап турууга түртөт.

Дем алыш күндөрү кыска мөөнөттүү саякатка чыкандар көп болот.

Дем алыш күндөрү кыска мөөнөттүү саякатка чыкандар көп болот. Сүрөттүн автордук укугу Frank Bienewald/Getty Images
Image caption Дем алыш күндөрү кыска мөөнөттүү саякатка чыкандар көп болот.

Түштүк КОРЕЯ

Окумуштуулардын иликтөөлөрүнө ылайык Түштүк Корея - аялдардын жашоо узактыгынын орточо көрсөткүчү 90 жаштан өйдө эсептелген дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калмакчы.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана Лондон империялык коллежинин окумуштууларынын соңку изилдөөсүндө мындай абал 2030-жылга туура келиши мүмкүн.

Себептери эмне? Түштүк Кореянын экономикасынын кубаттуу болуп, өсүү үстүндө баратканы, балдар жетиштүү жана туура тамактанып, калктын саламаттыкты сактоо жана акыркы медициналык технологиянын кызматтарын колдонууга кеңири мүмкүнчүлүк алганы.

Ошондой эле батыш өлкөлөрүнө салыштырганда кан басымдын төмөн болгону.

Кореялык диета холестериндин көлөмүн азайтып, иммунитетти чыңдайт жана онкологиялык ооруларды алдын алат деп айтылат. Сүрөттүн автордук укугу Otto Ferdinand/Getty Images
Image caption Кореялык диета холестериндин көлөмүн азайтып, иммунитетти чыңдайт жана онкологиялык ооруларды алдын алат деп айтылат.

Түштүк Кореяда аялдарда толуп кетүү көйгөйү дээрлик жок жана тамеки тарткандары сейрек учурайт.

Кореялык диета холестериндин көлөмүн азайтып, иммунитетти чыңдайт жана онкологиялык ооруларды алдын алат деп айтылат. Корей коомунда улгайган кишилерге болгон урмат-сый абдан жогору. (AbA)

*

Тектеш темалар