Суперагент 007 ролунда кайрадан Дэниел Крейг

Суперагент 007 ролунда кайрадан Дэниел Крейг

Британдык актер Дэниэл Крейг Джеймс Бондду бешинчи жолу аткара турганын акыры өзү билдирди.

Британдык актер америкалык The Late Show сатиралык телешоу программасынын алып баруучусу Стивен Кольбердин суроосуна жооп берип жатып, Джеймс Бонддун ролун кайрадан аткара турганын өзү ырастады.

Ал буга чейин көп жолу бул жөнүндө так айтуудан баш тартып келген. Соңку жолу Бостон радиосундагы маегинде да айтпай койгон.

Бирок Кольбер менен болгон маегинде актер жаңы тасмадагы ролу жөнүндө билгенине эки ай эле болгонун белгиледи.

"Биз көп талкууладык, эмне жана кандай болорун түшүнгүбүз келди, - деди Крейг. -Мен дайыма ойногум келчү, бирок мага тыныгуу керек болду".

Ошону менен катар ал бул британдык супер агент 007 ролунда акыркы жолу болорун да айта кетти.

Бонд жөнүндөгү кезектеги 25-фильм 2019-жылдын ноябрь айында чыгат.

«Бондиананын» жаңы серияларынын сценарийлерин Нил Первис менен Роберт Уэйд жазып жатканы белгилүү. Бонд жөнүндө акыркы алты картинаны да алар жазышкан эле.

Бирок ким режиссер болору азыр белгилүү эмес.

Би-Би-Сидеги бир маегинде Крейг «Спектр» (2012) фильми чыккандан кийин Сем Мендеске чалып, андан суперагент жөнундө фильмди дагы тартуу жөнүндө сурана берип тажатканын айткан эле.

Бирок Мендес өткөн жылы Хей адабият фестивалында чыгып сүйлөп, чыгармачылыгында бондиана темасына кайтып келбей турганын билдирген.

Крейг "бондианага" 2006-жsлы келген, андан мурда супер агенттин ролун Пирс Броснан аткарып жүргөн.

2008-жылы Марк Фостердин "Боорукер Квант» фильми экранга чыккан, ал эми 2012-жылы чыккан "007: "Скайфолл координаты" Британиянын тарыхындагы эң кассалуу фильми болуп калды. Бирок кийин чыккан «Жылдыздар согушу: күчтүн ойгонушу» тасмасы андан ашып кеткен. (КС)