Испан полициясы экинчи теракттын алдын алды

Түн боюу криминалисттер Барселонадагы теракт болгон жердеги далил буюмдарды чогултушту. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Түн боюу криминалисттер Барселонадагы теракт болгон жердеги далил буюмдарды чогултушту.

Испания полициясы Камбрильс шаарында атайын операция өткөрүп, экинчи теракты пландап жаткан деп шектелген төрт кишини атып өлтүрдү.

Бул теракт Барселонадан кийинки кол салуу болмок деди полиция. Кол салгандардын бири жаракат алган. Испаниялык дарыгерлер берген маалыматта, атышуудан бир полиция жана алты жайкын тургун жаракат алды.

Күбөлөр ок атышуу Камбрильс шаарындагы порт жайгашкан райондо орун алганын айтып берди. Полиция шаардагы кырдаал көзөмөлүндө экенин айтып, бирок ошентсе да тургундарга сак болууну эскертти.

Камбрильс - Барселонанын түштүк-батышындагы деңиз жээгиндеги чакан шаарча.

Кол салгандардын жалпы саны боюнча так маалымат жок. Маалымат каражаттары Камбрильстеги кол салууга чейин булар Барселонадагы терактты жасашы мүмкүн экенин жазууда. Мунун алдында жума күнү түндөсү Барселонанын борборунда микроавтобус чогулган элди сүзүп, тебелеп кеткен эле.

El Pais басылмасы полициядагы булактарына шилтеме берип, Камбрильсте жаракат алгандардын бири полиция кызматкери экенин жазды. Полиция азырынча фургонго жардыргыч коюлушу мүмкүн деген этияттык менен ага тинтүү жүргүзө элек деп жазды басылма

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Камбрильсте полиция унааларды текшерүүгө алууда.
Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Полиция шаардагы кырдаал көзөмөлүндө экенин айтып, бирок ошентсе да тургундарга сак болууну эскертти.

Кечээ түндөсү Барселона шаарында автоунаа менен сүздүрүп кеткен окуядан 13 адам мерт болуп, 100гө чукул киши жаракат алган. Фургон чабуул койгон Барселонанын борбордук бөлүгүндөгү туристтер көп топтолгон Рамбла көчөсү эле. Жөө жүргүнчүлөрдү автоунаа 500 метрдей сүйрөп кеткен.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Кол салууну ишке ашырган минивэн унаасы ижарага алынган экен.

Полиция бул окуяны террордук акт катары териштирүүгө алууда. Өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топ кол салуунун жоопкерчилигин моюнуна алды. Бирок эксперттер экстремисттик топтун мындай билдирүүлөрүн сактык менен кабыл алууга чакырды.

Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой окуяны жихаддык террордук кол салуу деп атап, бул глобалдык жоопту талап кылат деди.

Кылмышка шектелип эки марокколук жана Түндүк Африкадагы испаниялык Мелиль анклавынын тургуну камакка алынды.

Бул теракт 2004-жылдагы кол салуудан берки Испаниянын тарыхындагы эң кандуу окуя болуп калды. 2004-жылы поездге коюлган бомба жарылып 191 киши мерт кеткен эле.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Барселона шаарында автоунаа менен сүздүрүп кеткен окуядан 13 адам мерт болуп, 100гө чукул киши жаракат алган.

АНАЛИЗ: Тынчсыздандырган тенденция

Гордон Корера, Би-би-синин коопсуздук маселеси боюнча кабарчысы

Барселона буга чейинки үрөй учурган авто унаа чабуулдарына кабылган Европа шаарларынын тизмесин толуктады. Бул кол салуулардын баары көбүнесе шаарлардагы туристтерди өзүнө тарткан кооз жерлерде же болбосо коргоосуз, «жумшак» жерлерге багытталган эле.

Бир жыл мурун «Бастилия алынган күнүн" белгилеп жаткан Ницца шаары, андан соң Берлиндеги жарманке ушундай бутага алынган. Андан кийин кол салуулар Парижде жана Стокголмда орун алды. Лондондо болсо жеңил жана оор жүк тарткан унаа менен кишилерди сүздүргөн кол салуу Вестминстерде, Темза дарыясынын үстүндөгү көпүрөдө жана Финсбери паркта болду.

Британияда көбүрөөк көзгө урунган, башкалардын көңүлүн өзүнө тарткан объектилерге тосмолор орнотулуп жатат. Бул эми эгер унаа менен кол салуу болсо коркунучту азайтуу максатында. Ошондой эле фургондорду ижарага алгандардын өздүгүн териштирүүгө алуу керек деген сөздөр жүрүүдө.

Бирок британдык атайын кызмат Европадагы кесиптештери сыяктуу эле мындай мүнөздөгү кол салууларды алдын алуу жана таап чыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин жакшы билип турушат.

Мындай кылмышты кылуу үчүн кылмышкерлерге машыгуу же паландоонун да зарылдыгы жок. Куралы авто унаа болуп, качан болсо кол салууга барышы мүмкүн. Мунун өзү атайын кызматтар үчүн алдын алуу, алардын максатын билип калуусуна көп деле мүмкүндук бербейт.

Өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган топ Барселонадагы кол салууну алардын «жоокерлери» ишке ашырганын айтып жатканы менен азырынча аткаруучулар алар менен түз байланышта болгону же алардын чакырыгына шыктанганы ачык эмес.

Мунун артында эми ким гана турбасын, эми бийликтер ушундай мүнөздөгү чабуулдарды алдын алууга даярданат. (AbA)

Тектеш темалар