Финляндияда жолдогуларга бычак менен кол салган адамды кармашты

Финндердин Турку шаарында полиция жолдо бараткандарга бычак менен кол салган адамды бутуна ок атып, жарадар кылып туруп кармады.
"Полиция бир адамды бутка атты. Ал кармалды",-деп жазышты финн полициясынын Твиттерине.
Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, инцидент шаардын борборундагы соода аянтында болду.
Жергиликтүү ММКлар жарадар болгон жети-сегиз адам жөнүндө жазып жатышат. Бийликтегилер жабыркагандардын так санын айтыша элек.
Полиция көчөдөгүлөргө кол салган адам жалгыз эмес болушу мүмкүн деп элди Туркунун борборуна жакын барбоого чакырып жатат.
Газета Ilta Sanomat күбөлөргө таянып, Туркуда бычак менен куралданган бир адам жолдон өткөндөргө кол салып жатканын жазып чыкты. Анда баласын коляскада сүйрөгөн аялга да кол салуу болгону айтылат.
Финн полициясы Хельсинкинин аба майданында жана темир жол станцияларында коопсуздукту күчөттү.