Түркия: Дарвиндин ордун диний сабактар алмаштырабы?

Окутуу программалардагы өзгөрүүлөр биринчи, бешинчи жана тогузунчу класстарга киргизилип жатат. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Окутуу программалардагы өзгөрүүлөр биринчи, бешинчи жана тогузунчу класстарга киргизилип жатат.

"Түркиядагы билим берүү эч качан светтик болгон эмес жана азыркы программаларда дагы дин боюнча милдеттүү сабактар бар. Эми болсо алар жихад концепциясын окутууну киргизип жатышат. Бул эми таң каларлык»,-дейт окуучулардын биринин апасы.

Ушул сентябрь башынан тарта Түркиянын мектептери жаңы окутуу программасы менен иштеп баштайт. Окутуу программасындагы айрым талаптар жогорудагы окуучунун апасы (коопсуздук үчүн аты-жөнүн жашырган) кабатыр болгондой эле көптөгөн ата-энелерди бушайманга салып турган чак.

"9-10 жаштагы балдар Курандын сүрөлөрүн үйрөнүшөт. Менин пикиримде, диний билимди мектепте эмес, үйдөн бериш керек»,-деди Би-би-сиге маек берген аял.

Окутуу программалардагы өзгөрүүлөр биринчи, бешинчи жана тогузунчу класстарга киргизилип жатат. Өзгөрүүлөргө каршы болуп жаткандар жихад концепциясын окутуудан сырткары, эволюция теориясын алып салууга тынчсызданышууда.

Андан сырткары окутуу программасында светтик түрк мамлекетинин негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн биографиясына бөлүнгөн сааттар кыскартылган. Диний билим берүү боюнча сабактардын сааты болсо көбөйтүлгөн.

Өткөн жылы ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетин дагы эми мектептерде окутушат.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Мустафа Кемал Ататүрктүн биографиясына бөлүнгөн сааттар кыскартылган.

Оппозициянын пикиринде, президент Реджеп Тайип Эрдоган менен анын Акыйкат жана өнүгүү партиясы өлкөнү светтик өнүгүү жолунан исламдашкан коомго карай сүйрөп бараткандай.

Түркиянын Билим берүү министри Исмет Йылмаз жаңы программанын сынчыларына жооп берип, ал жерден "керексиз, архаикалык жана кайталанма сабактар» алынганын айтты. Программага 100 миңге чукул өзгөртүүлөр киргизилгени менен алардын айрымдарынын тегерегинде гана талаш-тартыш болуп жатканы адилеттүүлүк эмес деди агартуу министри.

Министрдин айтымында, дарвиндик эволюция теориясы башкалар айтып жатканда таптакыр эле чийилип салынган жери жок.

"Биз эволюция концепциясына каршы эмеспиз. Илим менен талашуунун өзү мүмкүн эмес. Концепциядагы мутация, модификация жана адаптация окутуу программасында бүт калды. Бул деген эволюция теориясынын бөлүктөрү да»,-деди Би-би-сиге маек берген Билим берүү министри Исмет Йылмаз.

Бирок жаңы окутуу программасынын сынчылары эволюция теориясынын негизги маанилүү бөлүгү алып салынды деп түшүндүрүп жатышат. Бул бөлүгүндө адамдын келип чыгышы, жаралышы айтылган.

"Алар адамдын жаралышын диний тексттер менен окутууну каалап жатышат. Башкача айтканда, Адам ата менен Оба энеден тараганы боюнча»,-деди түркиялык мугалимдердин эң ири кесиптик кошуунунун жетекчиси Орхан Йылдырым.

Йылдырымга орто мектептерде «жихад» түшүнүгүнүн киргизилип жатышы жаккан эмес.

"Мечиттен чыкпай туруп эле сурагыла, «жихад» дегенде эмнени түшүнүшөт. 99 пайызы бул Жакынкы Чыгыштагы согуштун себеби деп түшүнүшөт. Биз бийликке муну өзгөртүп, жихад түшүнүгүн нормалдаштырууга жол бербейбиз»,-дейт ал.

Түрк тили боюнча институттун сөздүгүндө «жихад» деген араб сөзү «диний согуш» дегенди билдирет.

Билим берүү министри Исмет Йылмаз мындай чечмелөө туура эмес дейт.

Чынында "жихад" бул - тынчтыкты туюндурган түшүнүк эсептелип, коомго кызмат кылуу, ич ара түшүнүшүү жана жакындарыңа кам көрүүнү туюндурат.

Министрдин айтымында, жаңы мектеп программасын талкуулоого 180 миңге чукул киши тартылды. Бирок оппозициялык маанайдагы мугалимдердин кесиптик кошуундары алардан эч ким чакырылбаганын, окутуу программасы жашыруун эле иштелгенин айтып жатышат.

Агартуучу Орхан Йылдырым окутуу программасынын өзгөрүшү идеологиялык мүнөзгө ээ деп баа берүүдө.

«Бул Түркиянын билим берүү системасындагы мамлекеттик төңкөрүш. Мындай төңкөрүшкө куралдын кереги жок. Эгерде билим берүү тармагына ушундай сокку жасалса, анда өнүгүп бараткан өлкөлөрдү кууп жетүүгө мүмкүн болбой калат»,-деди кесипттик кошуундун лидери Орхан Йылдырым. (AbA)

Тектеш темалар