Google депрессияны билүүгө жардам берет

депрессия Сүрөттүн автордук укугу SCIENCE PHOTO LIBRARY

Google компаниясы "депрессия" сөзүн көп издеген колдонуучуларына атайын «депрессияга тесттен өтүүнү» сунуштай турган болууда.

Бул долбоорду Google менен АКШнын психикалык оорулар боюнча улуттук альянсы биргелешип ишке ашырууга белсенүүдө. Долбоордун максаты колдонуучулардын депрессияга кабылганын билүүгө, өөрчүп кете электе дарыгерге кайрылууга өбөлгө болуусуна багытталган.

Мындай психологиялык жардам АКШ аймагындагыларга гана сунушталат.

"Депрессия" сөзүн издеген колдонуучуга Google тарабынан анын абалын аныктоо үчүн бир катар суроолор берилет.

Деген менен АКШнын психикалык оорулар боюнча улуттук альянсы бул сурамжылоону дарыгер тарабынан өткөрүлгөн диагностика катары түшүнбөш керек деп эскертти. "Депрессияга тест" чыны менен ушундай белги бар экенин көрсөтсө, андан ары кишилерди дарыгерге кайрылууга түртөт деген эсептөө менен киргизилген.

Уюмдун түшүндүрмөсүнө караганда, «Текшериңиз, сизде клиникалык депрессия жокпу» деген шилтемени ачып, колдонуучу өзүнүн абалын текшере алат. Андан кийин ага дарыгердин жардамы керекпи же жокпу дегенди аңдап билет.

"Тесттин жыйынтыгы сизге дарыгердин кеңешин алуу үчүн барууга даярдык көрүүңүзгө жардам берет»,-деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

«Депрессияга тест» бир катар бөлүктөрдөн турат. Алардын ар биринде тогуздан суроо бар. Суроолордун баары адамдын психикалык саламаттыгына байланышкан. Тест клиникалык депрессияны аныктоого эсептелген.

Бул тест клиникалык депрессияны так жана ишеничтүү аныктайт деп айтылып жатат. Google белгилегендей программа тесттин тыянагын "эстеп" калбайт.

Деген менен айрым психотерапевттер долбоорду сынга алып жатышат.

Белгилүү англиялык психотерапевт Аарон Баликтин пикринде, мындай онлайн-диагностика көп деле пайда бербейт. Эгерде депрессияга кабылган кишилерге психолог менен чат аркылуу же жергиликтүү психологиялык борбордон телефон байланышы болгондо ошол эффективдүү болмок деди Балик. (AbA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар