Фото: АКШдагы соңку 13 жылдагы эң кубаттуу бороон

Жессика Кэмпбелл менен Жонатан Фитцджеральд кырсыктын очогунда болуп калды. Рокпорт шаарчасы.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жессика Кэмпбелл менен Жонатан Фитцджеральд кырсыктын очогунда болуп калды. Рокпорт шаарчасы.

Техастагы "Харви" бороону саатына 215 чакырым ылдамдык менен жүрүп, кыйсыпыр кылды. Кеминде бир киши каза таап, жээктеги бир нече шаарларда турак-үйлөр жабыркады. Болжолу 200 миң киши жарыгы жок олтурат.

Техас суу ташкынына даярдык көрүүдө. Алдыдагы күндөрдө дагы нөшөөрлөгөн жамгыр уланат деп күтүлүп жатат. АКШ президенти Дональд Трамп табият кырсыгы болгон аймакка барат деп күтүлүүдө.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Рокпорт.

АКШ 2004-жылдан бери мындай бороондун соккусун көрө элек эле. Анда "Чарли" бороону 15 кишинин өмүрүн алып, $16 млрд чыгым алып келген.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

«Харви» бороону жээкти түн жарымында жапырып кирди.

Бул соңку жарым кылым ичиндеги Саффир-Симпсон шкаласы боюнча кубаттуулугу төртүнчү даражадагы АКШ жээктерине чейин жете келген төртүнчү бороон болуп калган.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Рокпорттун аэропорту реконструкцияга муктаж болуп калды.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Рокпорттогу өрттүн кесепетинен бир киши каза тапты деп билдирди шаардын мэри Чарльз Уокс.

Курмандыктар саны дагы өсүшү мүмкүн деген кооптонуу бар. Жергиликтүү үйлөрдүн биринин чатыры урап түшүп, куткаруучулар азырынча кишилерге жете элек.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Билли Рейндин үйү урап түшкөн. Ал душ турган кабинага кире калып аман калыптыр.

Биринчи абдан катуу келип урулган бороон бара-бара акырындап калды.

Куткаруу иштерине миңге чукул адам тартылды деди Техастын губернатору Грег Эбботт.

Дэйзи Грэхам достору кудай эле сактап аман калышканын айтып берүүдө. Анткени шамал үйдүн чатырын алып кетип, ичине дубалдары урап түшкөн. Алар өлдү деп ойлогомун дейт ал.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Дэйзи Грэхам достору кудай эле сактап аман калышканын айтып берүүдө. Анткени шамал үйдүн чатырын алып кетип, ичине дубалдары урап түшкөн. Алар өлдү деп ойлогомун дейт ал.

Табият кырсыгынан катуу жабыр тарткан калтуу Корпус-Кристи конушу. Бул жээктеги эң ири порт шаарлардын бири. Мунай-химиялык жүктөр ташылат.

Жээк кайтарган күзөт кызматы эгерде суу ташкыны боло турган болсо мунай продуктулары төгүлүшү мүмкүндүгүн эскерткен.

Бороон Техаска жалгыз эле келген жок соңку суткаларда метеорологдор дээрлик 70 ирет эскертүү беришкен.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жээктеги конуштар биринчилерден болуп сокууну кабыл алышты.

Бийлик коңшулаш райондордогу ооруканаларда жетиштүү медициналык жардамдар болорун убадлап жатат.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Корпус-Кристидеги баш калка кылган жайда жарык жок калды.