Хьюстондогу суу ташкынынан 100 миң үй жабыркады

Башкалкасыз калган миңдеген кишилер атайын жайларда күн кечирип жатат. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Башкалкасыз калган миңдеген кишилер атайын жайларда күн кечирип жатат.

АКШнын түштүк штаттарындагы «Харви» бороону жана андан кийинки суу ташкындоолор чоң кыйроолорго алып келди. Болжолу 100 000 турак-жай ураган деди Ак үйдүн кеңешчиси.

Ички коопсуздук боюнча министрликтин кеңешчиси Том Боссерттин айтымында, жабыр тарткандарга чукул каржылык жардам көрсөтүүнү Ак үй конгресстен сурайт. Бул каражат жабыр тарткандарга, анын ичинде камсыздандырылбаган тургундарга берилмекчи.

Кабарларга караганда Дональд Трамп өзүнүн чөнтөгүнөн бир миллион доллар бөлүп берүүнү убада кылган.

Бороондун кесепетинен 33 кишиин өмүрү кыйылды.

Бир катар мунай өндүргөн заводдор жабылып, суу түтүктөрү иштен чыкты. Хьюстонго жакын жердеги заводдо өрт чыкты. Хьюстондун чыгышындагы Бомонт шаарындагы ооруканада суу берилбей калгандыктан бейтаптарды башка жайга которууга аргасыз болушту.

Бийликтин реакциясы

Сүрөттүн автордук укугу Google NOAA/DigitalGlobe

Шершембидеги маалымат жыйынында Техастын губернатору Грег Эбботт кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн федералдык өкмөттөн 125 миллиард доллар зарыл экенин айтты.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс жана башка өкмөт мүчөлөрү кырсык болгон аймакка жөнөп кетти. Алар Техастагы жабыр тарткан тургундар менен көзмө-көз сүйлөшүп, абалын сурайт.

Дональд Трамптын өзү ишембиде дагы Техаска келет деп күтүлүп жатат. Хьюстонго да келиши мүмкүн.

Куткаруу иштери кандай жүрүүдө?

"Харви" боороону Техасты сапырып кирген 25-августтан бери нөшөөрлөп жааган жамгыр басылбай жатат.

АКШнын улуттук метеорологиялык кызматы "Харви" бороону басаңдап калганын айтууда. Бирок синоптиктер чыгыш Техаста жана батыш Луизианада нөшөөрлөгөн жамгыр жакынкы күндөрдө токтобой турганын болжоодо.

Куткаруучулар каза тапкандардын сөөгун жана кырсыкта дайынсыз болуп кеткендерди издөө иштерин улантууда. Операция эки аптага созулушу мүмкүн.

Техаска дагы Улуттук гвардиянын 10 миң кызматкери жөнөтүлдү. Кырсык болгон аймакта 14 миң кызматкери иштеп жаткан эле.

Химиялык заводдо эмне болуп жатат?

Image caption Заводдо өрт жана катуу жарылуу болушу мүмкүн деген кооптонуу бар.

Катуу жааган нөшөөр, "Харви" бороону алып келген кесепеттерден кийин Arkema компаниясына таандык заводдогу химиялык каражаттарды сактап турган система керектен чыккан.

Химиялык завод Хьюстондон 34 чакырым алыстыкта орун алган. Аталган завод бороон башталардан алдын жума күнү эле ишин токтоткон болчу.

Катуу жааган нөшөөрдөн кийин заводдун аймагын суу басып, электр жабдыктары керектен чыккан деди компания. Атайын чукул абал учурунда иштете турган генераторлор дагы суу алдында калды.

Жергиликтүү бийлик жана компания өкүлдөрү азырынча заводдо чоң жарылуу жок экенин айтышты. Мурда заводдо жарылуу болуп, күйүп жатканы айтылган. Бирок дагы өрт чыкчу болсо жарылуу коркунучу сакталып калууда.

"Эми каражаттар жарылып, ал болсо чоң өрттү пайда кылышы мүмкүн,-деди компания жетекчиси Ричард Роуэр. -Заводдун аймагын каптаган суу, электр кубатынын жок болгону, бизге муну алдын алууга эч кандай мүмкүнчүлүк калтырган жок».

Заводдун айланасына жакын (2,4 чакырымга чейин) аймактардын тургундары коопсуздук үчүн башка жайларга чыгарылып кеткен. (AbA)

Тектеш темалар