Бир жылда дүйнөнүн ар бир өлкөсүнөн - 196 китепти кантип окуп чыктым?
- Энн Морган
- Aтайын BBC Culture үчүн
Британиялык жазуучу Энн Морган бир жылда дүйнөнүн ар кайсыл өлкөсүнүн адабий китептеринен - 196 китеп окуп чыгууга бел байлаган. Мындай экспериментти ал кантип өткөрдү жана мындан эмне сабак алды?
Сүрөттүн булагы, DARREN RUSSELL
Британиялык жазуучу Энн Морган
Мен өзүмдү ар дайым космополитик катары саначумун. Тилекке каршы менин китеп текчем мунун тескерисин көрсөтүп туруптур. Бир нече индиялык романдар, бирин-экин Австралия менен Түштүк Африканын жазуучуларынын китептерин эсепке албаганда, дээрлик китепканам англиялык жана америкалык жазуучулардын китептерине шыкалып турган.
Ал тургай котормо адабияттын өзү жок экен, көрсө, жалаң гана англис тилдүү авторлорду окуп жүрүптүрмүн.
2012-жылдын башында дүйнөнүн ар бир өлкөсүнөн бирден болсо дагы адабий кетептерин окуйм деп алдыма чоң максат кылдым. Менин алдыда БУУ тарабынан таанылган 195 мамлекеттин жана уюмдун мурдагы мүчөсү Тайвандын авторлору күтүп турду.
Кызыгы, бул амбициялуу планды кантип ишке ашырышты билбей туруп ушул жолго аттандым. Дээрлик 200 өлкөнүн авторлорун китеп дүкөнүнөн табууга албетте, мүмкүн эмес. Ошондуктан жардам сурап окурмандарга кайрылдым.
Мен атайын A Year of Reading the World ("196 китеп үчүн дүйнөнү айланып») деген блог түздүм. Ар кайсыл өлкөнүн тургундарына кайрылып, англис тилинде которулган жазуучулар жана чыгармалар тууралуу кеңеш берүүсүн сурадым.
Мындай кызуу реакциялар болот деп күткөн эмес элем. Жер шарынын булуң-бурчунан мага жардам берүүгө ынтызар болгон окурмандар чыгып, китептерди сунуштай башташты. Айрымдар өз өлкөсүнүн адабий дөөлөттөрүн почта аркылуу мага жөнөтө башташты. Башкалары авторлорду издөөгө көмөк көрсөтүштү.
Бир нече жазуучу, тагыраагы Түркмөнстандан Ак Вельсапар, Панамадан Хуан Дэвид Морган өздөрүнүн англис тилине которулган, эч жерде жарыялана элек чыгармаларын жөнөтүштү.
Ошентип менде англис тилинде гана түшүнгөн британдыктар (мындайлар 62 пайыз) жете албаган уникалдуу мүмкүнчүлүк пайда болду.
Кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар
Сүрөттүн булагы, iStock
Чынында китептерди издөө түйшүгү, ага сарпталган убакыт - блогду алып барууга, китепти окуганга кеткендей эле убакытты алды
Биринчиден, Улуу Британияда жана Ирландияда чет элдик жазуучулардын котормолорун издөө оңой иш эмес. Бул өлкөлөрдө башка тилден которулган адабияттар 4,5 пайызды түзөт.
Биринчи кезекте бул франк жана португал тилиндеги африкалык өлкөлөрдүкүн табуу кыйын болду. Комор аралдары, Мадагаскар, Гвинея-Бисау жана Мозамбиктин көп деле адабий шедеверлери которулган эмес. Мындай кырдаалда жарыяланбаган кол жазмаларды окуп чыгуу бактысына ээ болдум. Ал эми кичинекей аралдар - Сан-Томе жана Принсипи өлкөсүнүн адабий дөөлөтү менен таанышуу ниетим мени туңгуюкка кептеди.
Бул жерден мага Европа жана АКШдан ыктыярчылар жардамга келип, сантомейлик жазуучу аял Олинда Бежанын аңгемелерин которуп беришти. Бул эми айрым өлкөлөрдөгү басма адабиятты дээрлик кезиктирүү кыйын болгон учурларга чейинки кыйынчылыктар эле. Айталы, Маршал аралдарында кызыктуу тарыхты угуу үчүн китеп дүкөнгө эмес, жергиликтүү шаманга барууга туура келет. Нигерде уламыштар оозеки айтылып, аны айткан профессионал музыкант-өнөрпоздор (гриоттер) бала кезинен куйма кулак болуп, тарбияланышат экен. Кызыктуу аңгемелердин жазмасы жок, бирок оозеки айтып берип жаткандагы таасирлерди сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес.
Ушул көйгөйлөр аз келгенсип дүйнөдөгү саясый окуялар дагы менин долбоорумду токтотуп, жылдырбай койгон себеп болду.
Кезектеги кыйынга кырдаалга 2011-жылы 9-июлда Түштүк Судан төбөлсүздүгүн жарыялаган учурда кабылдым. Сөз жок, эми көп жылдап көз карандысыздык үчүн күрөшүп келген эл үчүн бул кубанычтуу болгондур. Бирок жолу жок, оорукана, мектеби, жадесе аз да болсо инфраструктурасы жок өлкө үчүн төбөлсүздүгүнүн биринчи жарым жылдыгында эле адабий мурасына киришүү мүмкүн эмес болсо керек.
Эгер мен кудай жалгап түштүк судандык жазуучу Жулия Дуани менен таанышып калбаганда, маселе кандай болуп чечилмек эле, айтуу кыйын. Ал мен үчүн анчейин көлөмдүү эмес, аңгеме жазып берди. Чынында китептерди издөө түйшүгү, ага сарпталган убакыт, блогду алып барууга, китепти окуганга кеткендей эле убакытты алды.
Китептерге үңүлүп, түн уйкумдан кечкен учурлар көп болду.
Адабий саякат
Сүрөттүн булагы, iStock
Деген менен бул ага татыктуу эле. Үстөлүмдө китеп окуп олтуруп, автор менен анын өлкөсүндө саякатта гана жүрбөстөн, анын руханий дүйнөсү менен азыктандым.
Бутандык жазуучу Кунзанг Чодендин чыгармасын окуп олтуруп, экзотикалык храмга гана баш бакпастан, мен алардын көзү менен буддистти көрдүм.
Галсан Чинагдын фантазиясы мени Монгол-Алтай талааларында кой жайып жүргөн баланын кыялдары, ойлоруна жуурулуштурду.
Кудайдан берилген жазуучулук таланты аркылуу бул авторлор ар бир эле саякатчы аңдай бербеген дүйнөнү мага ачып берди. Алар мага он миңдеген чакырым ыраакта жашаган кишилердин ички дүйнөсүн, алар өздөрү кандай көрсө, ошондой сүрөттөлгөн жашоосун ачып берди. Бул аңгемелер алыскы өлкөлөрдөгү кишилердин жашоосу тууралуу кабарлаган миңдеген эл аралык жаңылыктардан алда канча жугумдуу эле.
Менин дүйнө таанымым өзгөрдү. Буга чейин экзотикалык жана ыраак сезилген жерлер мага жакын жана түшүнүктүү болуп калды. Эми мен алар менен байланышты сезем.
Негизгиси адабий ойлоп табылган дөөлөттөр дүйнөгө реалдуулукту бере турганын түшүндүм. (AbA)
Би-би-си Кыргыз кызматынын редакциясынан:
Энн Морган сунуштаган кыргызстандык авторлордон Чыңгыз Айтматовдун «Жамилия», «Гүлсарат», «Кылым карытар бир күн», «Кыямат», «Тоолор жана талаалар», «Саманчынын жолу» сыяктуу бир катар китептери бар. Энн Морган сунуштаган китептердин тизмеси менен бул шилтеме аркылуу англис тилинде тааныша аласыздар.
Макаланын түп нускасын англис тилинде BBC Culture сайтынан окуңуздар.