Флоридада карылар үйүндө кароосуз калган сегиз адам каза болду

Флорида штатындагы Голливуд шаарында Ирма бороонунан кийин бир нече күн бою электр кубаты жок калган карылар үйүндө каза болгондордун саны сегиз адамга жетти. Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Флорида штатындагы Голливуд шаарында Ирма бороонунан кийин бир нече күн бою электр кубаты жок калган карылар үйүндө каза болгондордун саны сегиз адамга жетти.

"Электр кубаты жок, кондиционерлер иштебей калган Hollywood Hills реабилитациялык борборунда сегиз адам каза болду... Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат",-деп кабарлашты полициядан.

Полиция шаршембиде шамал кондиционерин кыйратып кеткен объектиден 115 адамды эвакуация кылган эле.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Флорида, Жоржия жана Каролина штаттарында он миллион адам дагы эле электр жарыгы жок шартта жашап жатышат.

АКШда жыйырмадай адамдын өмүрүн жалмаган бороон жекшембиде Флориданын түштүк-батышын каптады.

Ирма бороону Кариб бассейниндеги аймактарга дагы кыйсыпыр салып, 40 адам набыт болду.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Флорида"Ирма" бороонун соккусу астында

Голливуддун полиция башчысы Томас Санчес реабилитациялык борбор жабылып, иликтөө иштери башталганын билдирди. Окуя болгон жерде Флориданын башкы прокуратурасынын башкармалыгынын өкулдөрү дагы иштеп жатышат.

«Бул катуу шамал учурунда электр кубатынын өчүп калганы менен байланыштуу болушу мүмкүн»,-деди Санчес.

Анын айтымында, полиция бүтүндөй шаар боюнча 42 ар кандай үйлөрдү, анын ичинде карылар үйлөрүн дагы текшерип чыгышкан.

Флориданын губернатору Рик Скотт дагы куткаруу иштерин аткарып жаткан кызматкерлерге карылар үйлөрүн текшерүүгө алып, адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын көрүүнү буйрук кылды.

Текшерүүчүлөрдүн документтерине караганда, соңку жылдары карылар үйлөрүндө энергетикалык эрежелер бузулганы жөнүндө тийиштүү органдардын эскертүүлөрү болгон экен.

Флорида штатынын саламаттык сактоо ассоциациясы карылар үйүндөгү адамдардын өлүмүн «оор кайгы» деп атады.

Аталган ассоциациянын маалыматына караганда, штаттагы 700 адам жашаган 150 объектте энергетикалык абал талапка жооп бербейт.

Флорида штаты боюнча 680 карылар үйүндө 73000 адам күн кечирүүдө.

3,6 миллион калкы бар штаттын коопсуздук жөнүндө кооптонуулары күчөп жатканы айтылууда, анткени бийликтер электр кубатын калыбына келтирүү иштерин бүткүчөктү суук түшө баштады.

Тектеш темалар