Куала-Лумпурда диний мектепте өрт 24 адамдын өмүрүн жалмады

Окуучулар жашаган жатаканадa терезелер металл менен тордолгондуктан чыгып кете алышкан эмес. Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Малайзиянын борбору Куала-Лумпурда диний мектепте чыккан өрттөн 24 окуучу жана мугалим курман болду. Ѳрт өмүрүн жалмаган 22 окуучунун баары 13төн 17 жашка чейинки эркек балдар болгон.

Мектепте өрт бейшембиде эртең менен башталган. Окуучулар жашаган жатаканадa терезелер металл менен тордолгондуктан чыгып кете алышкан эмес.

«Бул соңку 20 жылдагы эң коркунучтуу өрт болуп калды»,-деди өрт өчүрүүчүлөр тобунун башчысы Хируддин Драгман.

Адегенде өрттөн өлгөндөр 25 адам деп эсептеп жатышкан, полиция аны кийин тактап эсептеп чыкты.

Ѳрт өмүрүн жалмаган 22 окуучунун баары 13төн 17 жашка чейинки эркек балдар болгон.

Ѳрт жөнүндө таңкы саат бештен 40 мүнөт өткөндө кабар келген. Полициянын айтымында өрт жатакананын бөлмөлөрүнөн башталган.

"Бул диний окуу жайда окуучулар мектептин өзүндөгү жатаканада жашашат. Имарат туш тарабынан металл тосмолор менен тосулган, аны ичинен ачуу мүмкүн болгон эмес. Студенттер өрт чыкканда терезе аркылуу чыгууга аракет кылышкан. Бирок терезелер да тордолуу болгондуктан чыга алышкан эмес",-деди өрт өчүрүүчү жана куткаруучулардын өкүлү Сойман Джахид

Джахиддин айтымында, полиция өрт эмнеден чыкканын иликтеп жатат, биринчи байкоолор анын электр зымындагы бузулуудан же чиркейлерден коргонуу үчүн коюлган электр приборунан чыккан болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө.

Коңшулары балдардын жардам сурап кыйкырган үндөрүн угушкан, бирок эшик-терезелер жабык болгондуктан жардам көрсөтө алышкан эмес.

Куала-Лумпурдун полиция башчысы Амар Сингх балдардын денелери бүтүндөй күйүп кеткенин айтты.

Айрым студенттер түтүнгө уугуп ооруканага жеткирилди.

Премьер-министр Наджиб Разак твиттерге жазып, өрттөн курман болгондордун туугандарына кайрат айтты жана мындай кырсык экинчи кайталанбаш үчүн аны тыкыр иликтеп чыга тургандыктарын билдирди.

Малайзиянын бийликтер башка диний мектептерде дагы өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбай жатканын айтып кооптонуу билдирип жатышат. Жергиликтүү ММКнын маалыматына караганда, 2015-жылдан бери диний мектептерде 200 жолу өрт чыккан.

Тектеш темалар