Түркияда терроризмге айыпталган окутуучулардын соту башталууда

Түркияда бир жыл мурда ишке ашпай калган аскердик төнкөрүштөн кийин террордук күчтөргө ымалаш болгон деген негизде миңдеген адамдар кызматынан алынып, жоопко тартылып жатат. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түркияда бир жыл мурда ишке ашпай калган аскердик төнкөрүштөн кийин террордук күчтөргө ымалаш болгон деген негизде миңдеген адамдар кызматынан алынып, жоопко тартылып жатат.

Түркияда кызматтан мыйзамсыз бошотулганын арызданып ачкачылык жарыялаган эки окутуучунун үстүнөн сот башталууда. Ѳткөн жылы ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштөн кийин болгон тазалоо иштеринде бул эки окутуучунун окуясына орчундуу көңүл бурулууда. Бул аптада алардын адвокаттары дагы кармалып, Түркияда адам укуктарын басмырланып жатканына сын-дооматтар күчөп чыгууда.

Бир жыл мурда ишке ашпай калган аскердик төнкөрүштөн кийин кызматынан алынган же четтетилген 150 миң адамдын ичинен Нури Гульмен менен Семих Озакка эң белгилүүлөрү. Бул эки окутуучуну март айында террордук уюмдар менен байланышта деп айыптап кызматынан алышкан эле. Алар өз кезегинде мыйзамсыз иштен алынганын билдирип, ачкачылык жарыялашкан. Бул акция социалдык толкундоолорго алып келиши мүмкүн деген чочулоодон улам эки академик тең кармалган болчу.

Стамбулдагы Би-Би-Си кабарчысы Марк Лоуэндин айтымында, азыр алар өнүнөн арып-азып, салмагынын теңин жоготуп, майыптардын арабасы менен араң кыймылдап калышты. Аларды Түркиянын өкмөтү террористтер деп атап жаткан күчтөргө мүчө болуп, пропагандисттик колдоо көрсөткөн деп айыпташууда.

Бул аптада алардын адвокаттары дагы терроризм боюнча айыпталып кармалды. Ошондон кийин окутуучулар укуктук коргоочулары жок калды деп коомчулукта сын-дооматтар күчөп чыкты.

Ачачкылык кармаган окутуучулар бийликтер жүргүзүп жаткан тазалоо процессиндеги акыйкаттык издегендин ѳзүнчө бир символу болуп калышты. Ѳкмөт өз кезегинде атайын козголоңчу, чагымчы күчтөр болгон, аларга жан тарткандар болгон деп бийликти кулатууга такыр тиешеси жок адамдардын да артынан түштү деп жатышат. Бул окуялар Түркияда соттун көз карандысыздыгына шек жаратып, адам укуктары тебеленип жатканына эл аралык сындарды күчөтүүдө.

Тектеш темалар