Корея Япониянын үстүнөн кайрадан ракета учурду

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Түндүк Кореянын ракета учурганын Түштүк Кореянын телекөрсөтүүсү кабарлады.

Түштүк Кореянын аскердик булактары Пхеньян учурган ракета 770 км бийиктикке чыкты жана 3700 км аралыкты учуп өттү.

Ракета Япониянын Хоккайдо аралынын үстүнөн учуп өтүп Тынч океанына барып конду.

Түндүк Корея өткөн айда дагы Япониянын үстүнөн ракета учуруп, аны Токиo өлкө үчүн болуп көрбөгөндөй коркунуч деп атаган.

Түндүк Кореянын аскердик булактары Пхеньяндын акыркы учурган ракетасынын убактысы жергиликтүү убакыт боюнча жума күнү 7:00 туура келди.

Бул ракета бир кыйла жогору жана алыс учту. 29-августта учурулган ракета 2700 км учуп, 550 км бийиктикке чыккан.

Байкоочулардын баамында, жаңы ракета Тынч океандагы АКШнын Гуам аралына чейинки аралыкты басып өтөрүн көрсөттү. Гуам аралы Пхеньяндан 3400 км аралыкта жайгашкан.

Япониянын мамлекеттик министри Йошихиде Суга ракета Хоккайдонун үстүнөн учуп өткөнүн билдирип, бирок бул райондо ракетанын эч кандай сыныктары табылбаганын айтууда.

Ал ошондой эле жашоочуларды ракетанын ышкырган үнү угулганда жашынып калгыла деп эскертип, бул инцидентти оркойгон чагымчылык деп атады.

Пхеньяндын кезектеги ракета учрууусу АКШ Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды киргизгенден кийин болуп отурат.

Ракеталык эскертүүгө жооп катары жума күнү Түндүк Кореянын аскерлери Япон деңизинде баллистикалык ракета учуруу боюнча машыгууларды өткөрүштү.

Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулууда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар