Ѳзбек президентинин либералдык реформалары

Шавкат Мирзиёев Сүрөттүн автордук укугу Mikhail Metsel/TASS
Image caption Шавкат Мирзиёевден репрессияларды күтүшкөн, ал болсо Ѳзбекстандын тарыхында биринчи жолу БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарын өлкөгө киргизди.

Ѳзбекстанда таң калаарлык иштер болуп жатат. Дүйнөдөгү эң жабык жана авторритардуу мамлекеттердин бири, эксперттердин пикирине караганда, бүтүндөй өлкөнү өзгөртө турган прогрессивдүү реформаларды жүргүзүүдө.

Президент Шавкат Мирзиёев бир жыл мурда бийликке келгенде бардык көз каранды эмес аналитиктер Ислам Каримовдун катаң саясатынын уланышын, кээ бирлери керек болсо репрессиянын күчөй турганын айтып чыгышкан.

Ѳзбекстандын жетекчилиги бир жылдан кийин саясий негизде камалгандарды боштондукка чыгарып, өлкөгө БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарын киргизет деп деле күтүшкөн эмес.

Ѳкмөттө мамлекеттик органдарды сынга алуу жөнүндө сөз боло баштады, мурда бул эч кимдин оюна да келчү эмес. Буга жарандарды - чиновниктерди, маданият ишмерлерин жана ММКларды президент өзү чакырып жатат.

"Сын керек. Сын натыйжа алып келет!" -деп айтты ал ушул жылы жаштар менен жолугушуу маалында.

Ал эле эмес, Шавкат Мирзиёев мамлекеттик органдарды өзү сынга алып баштады. Мисалы ал прокурорлорду "эң чоң уурулар" деп атап, "прокурорлор элдин шору болду. Эгер таза иштебесе, анда баары кетет" деп билдирди.

Чала жылымык

Ѳзбекстанда мындай прецедент эч убакта болгон эмес. Адамдар милиция тараптан мыйзамсыздык фактыларына, таза суунун тартыштыгына же үйлөрдө газ жоктугуна, жергиликтүү башкаруучулардын коррупциялык иштери жөнүндө арыздануудан коркуп келишкен. Эч ким бийлик органына арызданбайт эле, мындан жамандыктан башка нерсе чыкчу эмес.

"Бирок өлкөдөгү өзгөрүүлөрдөн улам адамдар коркпой калышты", - деп айтты мага Самарканддын жашоочуларынын бири. Президенттин айткандарына шыктанган адамдар өзүнүн ой-пикирин жана талаптарын ачык айтып башташты.

Мисалы, ушул жазда медициналык коллеждин студентинин чуулгандуу өлүмүнөн кийин бир нече миң адам бул ишти тезинен иликтөөнү талап кылып бийликке петиция беришти. Жарандар ошондой эле Мирзиёев менен министрлердин коомдук кабыл алуу кеңселерине массалык түрдө кайрыла башташты.

Чет элдик валютаны конвертация кылууга уруксат берилиши эң чоң өзгөрүүлөрдүн бири болуп калды. Сентябрдын башында өлкөнүн өкмөтү валюталык рынокту либералдаштыруу боюнча реформаны баштады. Ѳзбекстанда көп жылдардан бери биринчи жолу чет элдик валютаны банктарда легалдуу түрдө алмаштырып калышты.

Сүрөттүн автордук укугу Umida Akhmedova
Image caption Августта Ташкентте мурдакы президенттин тушунда "өзбек элин шылдыңдаганы үчүн" соттолгон фотограф Умида Ахмедованын көргөзмөсү өттү.

Бул реформага чейин алмашуу курсу кандай болорун рынок эмес, мамлекет аныктап келген, акча алмашуу саналуу адамдар гана энчиси болчу.

Жарандардын басымдуу бөлүгү жана бизнес долларды тымызын базардан сатып алчу же бизнес операциялар үчүн колдонулган "биржалык курс" деп аталган схема боюнча иштечү. Алмашуу курсу мындай "рынокто" расмий курстан эң кеминде эки эсе жогору болчу.

Валютаны конвертация кылууну чектөө тышкы инвесторлорду тартууга чоң тоскоолдук жаратып келген, анткени инвесторлор өздөрүнүн кирешесин чыгара албай убара болушчу.

Валюта менен кошо административдик реформага да старт берилди. Андагы башка максаттар - мамлекеттик башкарууну борборлоштуруудан кетүү болун саналат. Мындай түшүнүктүн өзү бардык бийликти бир колго топтоп алган Ислам Каримовдун тушунда ойго да келчү эмес.

Ѳзбекстандын коңшу өлкөлөрү Кыргызстан, Тажикстан менен Каримовдун учурунда бузулган мамилелер түп-тамырынан бери жакшыра баштады.

Президент жүргүзүп жаткан реформалар өлкөнүн ичинде эле эмес, сыртында да чоң үмүттөрдү жаратууда. Бирок баары эле жакшы баратат деп айтууга болбойт.

Валюта реформасы толук түрдө болгон жок. Жеке адамдар чет элдик валютаны сатып алып жатканда аларга нак акча берилбейт, конверсиондук карточка деп аталган эсепке которулат. Аны чет өлкөдө гана пайдалануу мүмкүн. Эксперттер бул убактылуу чара деп жатышат, ошол себептүү тымызын базар иштей берет сыяктуу.

Түз ободогу талаш-талкуулар сыяктуу жаңылык иштерге абдан чоң каршылык болуп жатат. Жакында эле түзүлүп социалдык эң бир курс көйгөйлөрдү талкуулаган "Эл аралык пресс-клуб" бат эле элге популярдуу болуп кетти. Бирок бул клубдун ишине атка минерлер баары эле кубанып жаткан жок. Регионалдык ММКлардын маалыматына караганда, премьер-министр Абдулло Арипов августтагы жолугушуулардын биринде клубдун программасын сындап, анын алып баруучусу Шерзод Кудратхужаев менен айтышып, түз ободогу программаны жаап коерун билдирген.

Ушул инциденттен кийин "Эл аралык пресс-клуб" башка алып баруучу менен программаларды алдын ала жазып чыгып калды. Бирок Кудратхужаев 15-сентябрдан баштап түз ободогу талкуулар жанданат деп айтып жатат.

Реформалардын артында эмне бар?

Мирзиёевдин тушундагы өзгөрүүлөр канчалык ийгиликтүү болорун түшүнүү үчүн өлкө жетекчилиги эмне үчүн ушундай кадамдарга барып жатканын түшүнүү керек.

Маңызын караганда, либералдаштыруу реформалары, бул канчалык парадоксалдуу көрүнбөсүн, бийликти бириктирүү процессинин бир бөлүгү. Анткени Ислам Каримов өзүнүн мураскорун калтырган эмес.

Ал өлгөндөн кийин бир катар таасирлүү адамдар, анын ичинде финансы министри жана вице-премьер-министр Рустам Азимов, ошондой эле Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Рустам Иноятов дагы бийликке келүүнүн аракетин көрүштү.

Шавкат Мирзиёевди президенттин милдетин аткаруучу кылып дайындоо менен тараптар кандайдыр бир мунасага келгендей көрүнөт. Бирок бул андай эмес окшойт. Ѳзбекстандагы режим бийликти башкалар менен бөлүшүүгө жол бербейт, анда лидердин өзүн алып ыргытышы мүмкүн.

Натыйжада Рустам Азимов Узбекинвестти караганга жиберилди. Ал эми УККнын башчысы расмий алганда өзүнүн кызматында отурган менен анын мурдакы орун басары Шухрат Гуломов, Би-би-синин өзбек кызматынын маалыматына караганда, мамлекетке финансылык ири көлөмдөгү зыян келтиргени үчүн өмүр бою соттолду.

Мирзиёев күч органдарынын башчыларынын позициясын алсыратуу үчүн ушундай реформаларга барып жатат. Биринчиден, өзгөртүүлөр анын өзүнүн популярдуулугун көтөрөт. Бул абдан маанилүү, анткени буга чейин өкмөттүн легитимдүүлүгү бир гана адамдын - Ислам Каримовдун гана колунда болчу.

Экинчиден, реформалар күч жетекчилерине тизгинди колдон чыгарбай кармап турууга жол берген системаны өзгөртүүгө багытталган.

Эксперттердин баамында, күч органдарынын жетекчилеринин саясий капиталы алардын финансы булактарын кармап турушу менен тыгыз байланыштуу. Ошондуктан валютаны либералдаштыруу биринчи кезекте алардын позициясына сокку урат. Бул топтогу адамдар абдан чоң финансылык ресурстарды башкарып, чет элдик валютаны эки эсе арзан сатып алып жатып көп байлык топтошкон.

Сүрөттүн автордук укугу TASS
Image caption Мартта байкоочулар Ѳзбекстанда бийликтин ММКларга болгон кысымы азайганын белгилешкен, бирок кээ бир тыюулар дагы деле күчүндө.

Ислам Каримовдун тушундагы система дал ушундай преференциялардын негизинде түзүлгөн болчу. Ошондуктан күч тармагынын башчылары өлкөдөгү өзгөрүүлөгө каршы болуп жатышат.

Азырынча ММКларда расмий билдирүүлөрдө Ислам Каримовдун президенттигин ачык сындоолор боло элек. Бул анын башкаруу ыкмаларын Шавкат Мирзийевдин жамандагысы келбейт дегенди билдиреби, анткени өзү да бара-бара ушундай жолго түшүшү мүмкүнбү? Бул суроого азыр жооп жок.