Лондондун "Парсонс Грин" метро бекетинде жардыруу болду.

bag

Сүрөттүн булагы, Twitter/@rrigs

Лондондун түштүк-батышындагы метро бекетинде жардыруу болду деген кабарлардан кийин полиция тергөө иштерин баштады.

Социалдык тармактарда жарыяланган сүрөттөрдө күйүп жаткан ак чаканы көрсө болот. Бирок жардыруунун кубаты күчтүү болгон эмес.

Окуяга күбө болгодор бир жүргүнчү жаракат алганын жана көптөр коркуп, "башаламандык" болгонун айтышууда.

Сүрөттүн булагы, Alex Littlefield

"Парсонс Грин" метро бекети Лондондун "Фулхэм" аймагында жайгашкан.

Би-Би-Синин кабарчысы Риз Латиф бекетте башаламандык болуп, көптөр жардырууну угуп, станциядан качып чыгып баратканын көргөнүн кабарлады.

Сүрөттүн булагы, Emma Stevie

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Метро бекетине полиция жана тез жардам кызматы келди

Сүрөттүн булагы, Alex Littlefield