Лондон метросундагы жардыруу теракт катары каралууда

Ведро Сүрөттүн автордук укугу Twitter/@rrigs
Image caption Социалдык сайттарда вагондо жарылган чаканын сүрөтүн жарыялап жатышат.

Лондондун түштүк-батышындагы "Парсонс-грин" станциясында жардыруу болду. Күбөлөрдүн айтымында поезддин вагонунда калтырып кетишкен чака жарылган. Бир нече адам күйүк алды, полиция болгон ишти теракт катары карап жатат.

Лондон полициясынын башчысынын жардамчысы Нил Басу метро станциясында болгон жардырууну террордук акт деп атады.

Окуя болгон жердеги сүрөттөгө карап, ак чака күйүп баштаганын түшүнүүгө болот. Ошол эле учурда, метродогу вагондун өзүндө кандайдыр бир олуттуу кыйроолор жок.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Вагондо болгон бир аялдын сөзүнө караганда, ал жардыруунун үнүн угуп, андан кийин жалындаган отту көргөн. Ал ошондой эле жардыруу болгон жер менен анын ортосунда көп адамдар болгондуктан, анын өзү жабыркаган эместигин айтты.

Ушул эле аял жабыркаган бир нече адамды, анын ичинде беттери күйгөн адамдарды көргөнүн да билдирди. Анын айтымында, вагондо кыйкырык-чуу, тополоң башталган.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Станцияга полицейскийлер менен өрт өчүргүчтөр келишти

Окуя болгон жерге тез жардам машиналары келип жатат. Полиция болгон окуяны иликтөөгө киришкенин билдирди. Станциянын өзүн туш тараптан тосуп коюшту.

Би-би-си кабарчысы Риз Латиф жолдо баратып "Парсонс-грин" станциясындагы окуяга күбө болгон. "Адамдар жардырууга окшогон дүңгүрөгөн дабышты угуп, поездден шашып чыгып кетүүгө жулунганда, тополоң башталды. Шашып чуркаган адамдар бети-колдорун кестирип-чийдирип алышты",-деди ал.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Жабыркаган бир нече адамга жеринде жардам көрсөтүп жатышат

Бул жерде болгон Лондондун тургуну Алекс Литтлфилд көргөн билгенин төмөнкүдөй баяндады: "Мен бурчтан бурулуп "Парсонс-грин" станциясына жакындап калганда платформада адамдар дүрбөлөнгө түшүп, чуркап жүргөндөрүн көрдүм. Полицейлер менен өт өчүргүчтөр адамдарды кайтып келүүгө чакырып жатканын көрдүм. Мен көп адамдарды жана куралдуу полицейлерди көрдүм".

Эл жык толгон поезддин өзүндө болгон окуянын дагы бир күбөсү Ричард Айлмер-Холл бир нече адам тополоңдо тебелендиде калып жабыркаганын билдирди. Анын айтымында, дүрбөлөң башталып, адамдар кыйкырып, өкүрүп жатышты.

"Платформада бир аял сумканы көргөнүн, андан кийин тарс деген үн чыгып, бирдеме жарылганын көргөнүн айтты. Ыйлар жаткан аялдарды көрдүм, көптөрү кыйкырып жатышты. Көчөгө карай кеткен тепкичтин өзүндө да тебелендиде калгандар болду", - деди Ричард.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Лондондун тез жардам кызматынын начальнигинин орун басары Наташа Уиллс : " 8:20да бизге "Парсонс-грин" метро станциясындагы окуя жөнүндө маалымат келип түштү. Биз окуя болгон жерге дароо эле бир нече бригада жибердик. Ал жерге биздин кыызматкерлер беш мүнөттө эле жетип барышты. Биринчи кезекте адамдардын денесине алган жаратынын кандай деңгээлде жана мүнөздө экенин аныкташыбыз керек",-деди Наташа.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар