АКШ Париж келишиминен чыкпай калышы да мүмкүн

Сүрөттүн булагы, Reuters
Тиллерсон Париж келишими боюнча Трамп маселеге бир жактуу чечим чыгарбай, ага карата аракеттерин ачык коюп жатканын билдирди
АКШнын мамкатчысы Рекс Тиллерсон, президент Дональд Трамп Париж келишими боюнча маселеге бир жактуу чечим чыгарбай, ага карата аракеттерин ачык коюп жатканын билдирди.
Кызыгы, бул жарыя Ак үй аталган келишимди узартпоо чечими кабыл алынганын дагы бир жолу тастыктагандан кийин айтылды.
Тиллерсон келишим чегинде "акыйкат шарттар иштелип чыкса", АКШ анын алкагында кала берерин да кошумчалады.
Июнда Трамп АКШ Париж келишиминен чыгарын жар салып, бул анын "Американы коргоо боюнча салтанаттуу милдеттеринен" улам экенин жүйөө келтирген.
Эл аралык келишим АКШ президентинин пикиринде, анын өлкөсүнүн экономикалык кызыкчылыктарына шек келтирип, ал эми Кытай, Индия өңдүү өлкөлөр үчүн пайдалуу болуп жатат. (ES)
АКШ глобалдык климат боюнча Париж келишиминен чыгарын жарыялады
АКШ президенти Дональд Трамп 2015-жылы кабыл алынган глобалдык жылуулукка каршы туруу чаралары боюнча макулдашылган Париж келишиминен чыгарын жарыялады.