Румынияда ондой адамдын өмүрүн алган бороон-чапкын Украинага багыт алды

Саатына 100 км ылдымдыкта жүрүп жаткан бороон-чапкын Румынияда сегиз адамдын өмүрүн алды. Жетимиштей адам ооруканага жеткирилди.

Каза болгондордун жана жапа чеккендердин басымдуу бөлүгү Тимишоара шаарынын тургундары.

Катуу шамал бак-дарактарды сындырып, үйлөрдүн чатырын алып кеткен. Ошондой эле, суу түтүктөрү жана көптөгөн электрдик зымдарын жарактан чыгарды.

"Бизди ушундай окуя күтүп турган тууралуу эч ким эскерткен эмес. Аба-ырайы маалымдамасы жамгыр тууралуу гана айткан", - деди Тимишоара шаарынын мэри Николай Робу румыниялык "Digi 24" телеканалына берген маегинде.

Өлкөнүн өзгөчө кырдаал боюнча кызматы тургундарды көчөгө чыкпай турууга үндөөдө. Синоптиктердин соңку берген маалыматына ылайык, бороон-чапкын Украинага жакындоодо.