Кариб аралдарына “Мария” бороону келатат

Траектория урагана "Мария" Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Азыркы учурда «Мария» бороону «Ирма» жүргөн траектория боюнча эле баратат.

Жекшембиде кечинде «Мария» бороонун күчү саатына 120 км ылдамдыкка чыкты. АКШнын бороондор боюнча Улуттук борбору жаңы стихиянын деңгээлин биринчи категорияга көтөрдү.

Азыркы учурда «Мария» «Ирма» жүргөн траектория боюнча эле баратат. Америкалык жана британдык Виргин аралдарынын, Сен-Мартендин, Сен-Бартстын, Сабанын, Синт-Эстатиус жана Ангильинин бийликтери анын жүрүшүнө абдан кооптонуу менен байкоо cалып жатышат.

Бул аралдардын айрымдарына ушул айдын башында «Ирма» бороону бир топ зыян алып келген эле. Анда 37 адам курман болгон. Бороон Кариб аралдарынын чыгыш тарабына дүйшөмбүдө кечинде жетет деп жатышат.

Азыркы учурда «Мария» бороонун чордону Барбадостон түндүк-чыгышка карай 200 км аралыкта турат.

Эбегейсиз кыйроолор

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Сен-Мартен аралы: «Ирма» бороонуна чейин жана кийин.

Сентябрдын башында «Ирма» бороону Сен-Мартен аралынын голланд жагындагы бардык үйлөрдүн үчтөн экисин кыйраткан. Андан сырткары, аралда электр кубаты, газ жана таза суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган.

«Ирма» ошондой эле Британдык Виргин аралында бир нече турак жай райондорун жок кылган.

Кырсык болгон жерге барган Улуу Британиянын тышкы иштер министри Борис Джонсон мындай кыйроолорду ал Дүйнөлүк биринчи согуш убагындагы сүрөттөрдөн гана көргөнүн айткан эле.

Ал аңгыча Атлантика оеканында «Хосе» бороону кыйсыпыр салып баштады. Анын шамалынын күчү саатына 145 км болуп жатат.