Швейцарияда он миңдеген еврону унитазга ыргытышты

Унитаз и банкноты Сүрөттүн автордук укугу PA/GETTY
Image caption Евробиримдик 500 евро акчаларын 2018-жылы колдонуудан алып салган жатат.

Женевада он миңдеген евронун унитазга ыргытылгандан кийин швейцариялык прокурорлор бул ишти иликтөөгө киришти.

500 евро акчалары Женевадагы UBS банкынын жана жакын жайгашкан үч ресторандын дааратканаларынан табылган.

500 евро акчалары Женевадагы UBS банкынын жана жакын жайгашкан үч ресторандын дааратканаларынан табылган.

Кайчыланып бөлүнгөн банкноттор табылганына бир ай болуптур, бирок ал жөнүндө азыр гана белгилүү болуп отурат.

Бул окуядан кийин трубаларды тазалоо иштерине эле бир нече миң швейцариялык франк корогону айтылууда.

Евробиримдиктин бийликтери жакынкы убакта мыйзамсыз операцияларда колдонулуп жатканы үчүн 500 евро номиналындагы банкнотторду колдонуудан алып салган жатат.

Аталган акчалар колдонуудан биротоло 2018-жылы чыгарылат деп пландаштырылууда.

Акчаларды жыртуу, бузуу жана жок кылуу Швейцарияда кылмыш болуп саналбайт, бирок жергиликтүү прокуратура баары бир он миңдеген евро акчанын унитазга ыргытылган себептерин иликтеп жатат.

"Биз бул акчанын кайдан келип чыкканын тактайбыз, ошондой эле андагы ыктымал болгон кылмыштын изин да иликтейбиз " - деди Би-би-сиге Женева прокуратурасынын өкүлү Винсен Деруан.

"Бул чынында абдан таң калаарлык окуя" - деп кошумчалады ал.

Деруан ошол эле учурда француз ММКлары жазып жаткандай прокуратура өткөрүп жаткан сурактарга токтолбоду.

Тектеш темалар