Африкада ачкачылыктан кантип күн көрүп жатышат?

Африканский мужчина Сүрөттүн автордук укугу Chris de Bode

Сахаранын түштүгүндөгү Африка өлкөлөрү үчүн чыр-чатактар жана климаттын өзгөрүшү азык-түлүк коопсуздугуна катуу таасирин тийгизди.

Нигердин, Бурундинин жана Борбордук Африка республикасынын эли ачкачылыктан жана чала тамактануудан жабыр тартып жатат. Крис де Бод өзүнүн студиялык декорациясы менен бул аймактарда болуп, эфективдүү портреттерди түзгөн.

Мындан тышкары, саясый жана экологиялык олку-солку абалдын кишилердин жашоо-турмушуна тийгизип жаткан таасирин көрсөтүп берүүгө аракет кылган. Бод мындай кырдаалда кайрымдуулук уюмдары кантип жардам бере аларын көрсөтөт.

Сүрөттүн автордук укугу Chris de Bode

28 жаштагы Даниэль Нсабияреминин устачылык өнөрү бар эле. Бирок анда керектүү куралдар болгон эмес. Бир катар насыяларды алгандан кийин ал каражатын керектүү буюмдарга жумшап, азыркы бизнесин баштап алды.

"Насыяга алган акчама мен керектүү аспаптарды сатып алдым,-деп айтып берди ал. -Эми менин тамак-аш сатып алууга жетишпестигим болбойт. Буга чейин биз бир күндө бир эле жолу тамактанчубуз. Көп учурда ал дагы эптеп эле өзөк жалгамай болгон. Эми биз күнүнө эки жолу тамактанабыз. Бул эми менин балдарымдын, өзүмдүн ден-соолугума пайдасын тийгизген өзгөрүү болду".

Сүрөттүн автордук укугу Chris de Bode
Сүрөттүн автордук укугу Chris de Bode

Жозеф жана Ньямбаронзиза Батва маргиналдык коомунун мүчөлөрү. Батва бул - өзүнүн кыска боюу менен белгилүү болгон кишилер. Алар экөөсү тең болгон күчү менен үй-бүлөсүн багууга жан үрөп жатышат. Угандадагы токойлуу аскалар менен бөлүнгөн Кабередеги жарым-жартылай бузулган үйлөрдө алардын бүлөөсү жашайт. Алар колуна эмне жумуш урунса, ошону менен алектене беришет.

Жакынкы дарыялардан алтын издешет же жер иштетишет.

Сүрөттүн автордук укугу Chris de Bode
Сүрөттүн автордук укугу Chris de Bode

20 жаштагы Дениз Ньямвизанын ата-энеси эки жыл мурун оорудан каза тапкан. Эми анын моюнунда өзүнөн кичүү ини-карындаштарынын жоопкерчилиги жүктөлгөн. Ал дагы колуна урунган иштерди кылып, кичине тамаркасына керектүү азыктарды эгип алат.

Сүрөттүн автордук укугу Chris de Bode

Соланж Ванибило өзүнүн үй-бүлөсү менен. Бул бүлөө Борбордук Африка республикасындагы Бомандро кыштагында жашайт. Анын эң кичине уулу жана анын небереси чала тоют болуп кыйналып жатышат.

Сүрөттүн автордук укугу Chris de Bode

Голден Марленю үйүнүн жанында төрт уулу менен түшкөн сүрөтү.

Анын кичүү балдары эки жаштагы Наоми жана бир жаштагы Афанас экөөсү тең чала тоют абалында жашап жатат. Мындан үч апта мурун анчейин алыс эмес жерде медициналык бекет ачылды. Эми алар зарыл болгон медициналык жардамдарды алууга мүмкүнчүлүгү болот.

Сүрөттүн автордук укугу Chris de Bode
Сүрөттүн автордук укугу Chris de Bode

Борбордук Африка республикасындагы Боганандодо Жозефин Завеле өзүнүн коому менен таала мектебинин жанында турушат. Бул талаа мектеби жергиликтүү феормерлер тарабынан айыл чарбасын иштетүүнүн ыкмаларын колдонуу үчүн пайдаланылат.

Сүрөттүн автордук укугу Chris de Bode

15 жаштагы Адижату Шейу нигериялык Гао Мусса кыштагында жашайт. Бул аймак жаңгак майын өндүрүүдөгү чакан өндүрүшчү катары белгилүү.

Адижату майды өндүрүү боюнча окуудан өткөн 30 аялдын бири. Азыр бул окутуу программасына кыштактагы 90 аял тартылган. Бул май абдан популярдуу болгондуктан ал үчүн ондогон чакырым жол басып келишет.

Сүрөттүн автордук укугу Chris de Bode

Нигердеги фермердик коомдун өкүлү Ассана Абдураман шериктери менен. Аялдарга насыя берилип, алар бул айдоо жерлерге пияз, помидор, картошка, сабиз, капуста, баклажан эгишкен. Башында аларга "Концерн" кайрымдуулук уюму колдоо көрсөткөн экен. Эми болсо аялдар өз алдынча жөндөп кетишти. (AbA)

Сүрөттүн автордук укугу Chris de Bode

70 жаштагы фермер Салифу Амен кургакчылык учурунда болгон күчү менен койлорун аман алып калуунун амалын көрдү. Эми ал жанын кыйнап, жайыт издебей эле жанындагы банктан жем-чөптү насыяга алса болот.

Сүрөттүн автордук укугу Chris de Bode
Сүрөттүн автордук укугу Chris de Bode
Сүрөттүн автордук укугу Chris de Bode
Сүрөттүн автордук укугу Chris de Bode
Сүрөттүн автордук укугу Chris de Bode
Сүрөттүн автордук укугу Chris de Bode

Тектеш темалар