"Батыш-2017" машыгуусу: батыш байкоочулары кандай карап жатат?

Орусия менен Белорусиянын биргелешкен машыгуусу Путиндин аскердик стратегиясы тууралуу эмнени айтып бере алат? Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Орусия менен Белорусиянын биргелешкен машыгуусу Путиндин аскердик стратегиясы тууралуу эмнени айтып бере алат?

«Батыш» деп аталган машыгуу батыштын өзүндө шектүү көз караштарды жаратты. Бирок батыштагы аскер эксперттер үчүн бул профессионалдык кызыкчылыкты туудуруп, машыгуунун өзү орусиялык куралдуу күчтөрдө реформа кандай жүрүп жатканынан азыноолак кабар бергенсиди.

Роджер Макдермотт Орусия тууралуу изилдеп жүргөн алдыңкы аскер эксперттеринин бири. Анын пикиринде «аскер командачылыгы теорияга өзгөчө маани берип, стратегиялык машыгуулар учурунда согушту жүргүзүүдөгү жаңыча ыкмалар иштелип чыгып, сыноодон өтөт».

"Бул сыяктуу машыгууларда даярдыктын канчалык экенин болжолдуу байкалат жана башка өлкөлөр тарабынан салмактуу баа берүүнү талап кылат»,-деп кошумчалады ал.

Орусия аскер машыгуусуна 13 миңден азыраак аскерлер тартылганын айтты. Батыш аналитиктери болсо өтүп жаткан машыгуу мындан масштабдуу болду деп эсептейт.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Орусия аскер машыгуусуна 13 миңден азыраак аскерлер тартылганын айтты.

НАТО орусиялык жана белорусиялык армия кандай потенциалга ээ экенинен кабардар болуу үчүн өтүп жаткан машыгууларды спутник жана радарлар аркылуу дыкат байкоого алды.

«Батыш» машыгуусу Орусиянын куралдуу күчтөрү кайра курууну башынан өткөрүп жаткан учурда өтүүдө. Кансыз согуштун доорундагы армияны заманбап жана мыкты даярдыктагы аскерлер алмаштырууга тийиш.

Жаңыланган армия ар кандай жагдайда жерде, абада, сууда дагы оор операцияларды өткөрө алат. НАТОго мүчө өлкөлөрдүн армиясы ушундайга ыңгайлашкан.

Бириккен Королдук институттун кызматкери Игорь Сутягин муну «ар дайым мыкты даярдыктагы, жакшы координацияланган, заманбап техника менен камсыздалып жана керектүү инфраструктурасы бар тылды» түзүү аракети деп атады.

2008-жылы Орусия Грузия менен болгон аскердик кагылышуудан жеңүүчү катары чыкты. Бирок бул жаңжал орус армиясындагы бир катар жетишпестиктерди көрсөтүп койду.

«Батыш» машыгуусуна көз салып жаткан аналитиктерге орусиялык Башкы штаб Сирия менен Украинадагы жаңы компаниялардын сабагын кантип өздөштүрүп жатканын демонстрация кылышы керек.

Игорь Сутягиндин пикиринде «бул эки операцияга карап туруп, орус армиясы кайсыл багытта өнүгүп жатканын талкууласа болот».

Орусиянын аскердик модернизациясы кайсыл баскычка келди? Баарынан маанилүүсү бул модернизацияны улантуу үчүн каражат жетиштүү болобу?

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption "Армата" танкасы советтик эски үлгүнү алмаштырууга тийиш.

Технологиялык артта калуу?

Сутягиндин айтымында мунун жарымы ишке ашты. Уюшулган өзгөрүүлөр негизинен өткөрүлдү. Деген менен айрым маселелерде армия артка кетип жатат.

Маселен, кайрадан чоң дивизияларды түзүүгө өтүштү, бирок айрымдарына кишилер жетишпей жатат. Буга катарлаш эле куралдануу күчөдү. Бул болсо орус армиясы менен Батыш өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы технологиялык ажырымды кыскартышы мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Машыгуу учурунда Искандер-М" ракетасы 480 чакырым аралыкка атылды.

Бирок Сутягиндин айтымында, куралданууга каражатты табуу эле жетишсиз. Анткени «акыркы учурда батыш технологиясына жетүүнүн өзү кыйын болуп баратат».

«Батыш-2017» машыгуусунда кызыктуу учурлар бар.

Машыгуудагы негизги максат сырттан кол салуу болгон учурдагы коргонуу аракеттерин иштеп чыгуу. Машыгуу учурунда Искандер-М" ракетасы 480 чакырым аралыкка атылды.

Эмне үчүн НАТО өзгөчө маани берди?

Макдермоттун пикиринде "сокку ура турган комплекстердин кандай колдонулуп жатканын көрүү өзгөчө пайдалуу. Анткени Москва 2013-жылдагы машыгуудан бери куралдарын күчөткөн».

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption НАТО Орусиянын Батыштагы аскердик активдүүлүгүнө жол бербөө ниетинде.

Абадан дагы, аскер кемесинен дагы алыскы аралыкка атыла турган канаттуу ракеталар Орусия тарабынан биринчи жолу Сириядагы операциялар учурунда колдонулган.

Электрондук күрөш боюнча каражаттар өнүгүп жатат. Башкача айтканда, каршылаш тараптын электрондук каражаттарын иштен чыгарган каражаттар Украина чыгышындагы чатактарда кеңири колдонулган. Бул НАТОнун командачылыгын таң калтырды. Бирок Орусия Украина чыгышындагы жаңжалга аралашканын четке кагып келүүдө.

Ирак жана Ооганстандагы өнөктүктөрүнөн кийин НАТО бир да жолу «жогорку интенсивдүү жаңжал» деген сценарий менен машыгуу өткөргөн жок. Бул мезгилдерде Орусия өзүнүн куралдарын күчөтүп, электромагниттик каражаттарын мыктылап алды. (AbA)

Тектеш темалар