Мексикадагы зилзала курмандыктары 273 кишиге жетти

Куткаруучулар уранды алдында тирүү кишилер болушу мүмкүн деп издөө иштерин күчөтүүдө. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Куткаруучулар уранды алдында тирүү кишилер болушу мүмкүн деп издөө иштерин күчөтүүдө.

Мексикадагы катуу жер титирөөнүн кесепетинен каза тапкандары саны 273 кишиге жетти деп билдирди жергиликтүү бийлик. Куткаруучулар уранды алдында калгандарды издөө иштерин улантууда.

Күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөөдөн ондогон имараттар урады, миллиондогон кишилер электр жарыгы жок калышты.

Өлкө президенти Энрике Пенья Ньето кырсыктын жабыр тарткандарды куткаруу «негизи приоритет» деп билдирүү жасады. Куткаруучулар баш калаа Мехикодогу ураган он имараттын алдында тирүү кишилер болушу мүмкүн деп болжоп жатат.

Мехиконун түштүк районундагы урап калган Энрике Ребсамен мектебинин имаратында 500 аскер кызматкери, 200 полиция жана ыктыярчылар иш алып барууда. Түндөсү бул жерден каза тапкан мугалим аялдын сөөгү табылган.

Cоңку маалыматтарга караганда 11 окуучуну куткарууга мүмкүн болгон, ал эми 19 окуучу жана алты киши каза болуп калды.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Куткаруу иштерине ыктыярчылар да тартылган.
Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Жапа чеккендер убактылуу жайларда баш калкалоодо.
Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Куткаруу иштери түн ичинде да уланып жатат.

Мехикодогу Би-би-си кабарчысы Раджини Вайдьянатан кабарлагандай, алты кабаттуу офистер жайгашкан имараттагы урандылар алдында 30 киши болушу мүмкүн деп болжонууда.

Полиция жапа чеккен райондордо кайгуул күзөттөрүн уюштуруп, вандализм жана талап-тоноого жол бербөө аракетин көрүп жатат. (AbA)

Тектеш темалар