М. Садырбек: Европада улутчул партиялар күч алууда
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

М. Садырбек: Германиядагы шайлоонун жыйынтыгы кыргыз диаспорасына таасир этпейт

Христиан-демократиялык союзунун коалициясы Германиянын парламентинде 32,9 пайыз добуш алып, алдыда баратат. Бирок бул жеңишине карабастан партия 1949-жылдан бери шайлоодогу эң начар көрсөткүчкө ээ болду.

Би-Би-Си эл аралык саясат таануучу жана юрист-антрополог, Макс-Планк-Институтунун илимий изилдөөчүсү, "Кыргыз-Немис Маданий Коомунун" төрайымы Махабат Садырбек айымды кепке тартып, Германиядагы шайлоонун жыйынтыгы Меркель айым үчүн эмнени билдирет деген суроону жолдоду.