Facebook жетекчиси Трамптын айыптоосун четке какты

"Фейсбуктун" жетекчиси Марк Цукерберг Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

"Фейсбуктун" жетекчиси Марк Цукерберг АКШ президенти Дональд Трамптын айыптоолорун четке какты.

Дональд Трамп "Твиттерге" жазган билдирүүсүндө, "Фейсбукту" жана бир катар басылмаларды өзүнө каршы маалыматтарды таратып, "жашыруун сүйлөшүп алышкан" деп айыптаган эле.

"Фейсбук" ар дайым Трампка каршы болуп келген. Социалдык тармактар ар дайым Трампка каршы болуп келген жана ушул жактан фейк жаңылыктар чыгып турган. New York Times (кечирим сурады) жана Washington Post Трампка каршы эле. Кутумбу?",-деп суроо салат "Твиттерде" Трамп.

"Бирок кишилер Трампты колдоду. Чынында азыр биз жеткен тогуз айдагы ийгиликтербизге бир да президент жеткен эмес жана экономика дагы өсүү үстүндө»,-деп уланткан кебин АКШ лидери.

Трамптын сөзү АКШнын популярдуу либералдык чөйрөсүндөгү айтылып жүргөн теорияларга каршы келип жатат. Ага ылайык дал ушул социалдык тармактар Трампка өзүнүн идеясын шайлоочулардын калың катмарына жеткирүүгө мүмкүндүк бергени айтылып жүргөн эле. Социалдык тармактарсыз ал мындай мүмкүнчүлүккө жете алмак эмес деп ишендирет сынчылар.

Цукерберг либералдык коомчулуктун сынына макул болбогондой эле Трамптын айткандарына да каршы пикирин айтты.

33 жаштагы миллиардер Трампка "Фейсбук" аркылуу жооп берип, социалдык тармак бардык идеялар үчүн аянтча болгонго умтулуп жатканын белгиледи.

"Трамп Facebook ага каршы экенин айтып жатат, либералдар болсо бизди Трампка жардам берди (шайлоону жеңгенде) деп айтышат,-деп жазды ал. -Эки тарап тең өздөрүнө жакпаган идея жана контент үчүн капа болуп жатышат. Ушунун өзү бардык идеялар үчүн ачык болгон платформаларды башкаруу эмеспи".

Бир нече күн мурун Цукерберг 2016-жылдагы шайлоодо Москванын кийгилишүүсү болгон деген божомолдор боюнча иликтөө иштеринде Конгресс менен кызматташа турганын убада кылган.

Шайлоо алдындагы өнөктүктүн жүрүшүндө Трамптын командасы орусиялык бийлик менен сүйлөшүүгө барган деген айыптоолор токтой элек. Айыптоолоррду Трамп дагы, Москва да кескин четке каккан.

Конгресс иликтөөнүн жүрүшүндө Facebook , Google жанаTwitter тармактарына кайрылып, көрсөтмө берүүсүн суранган экен. Бирок азырынча бир дагы интернет-гигант бул сунушту кабыл алганын тастыктай элек. (AbA)

Тектеш темалар