"ИМ" аль- Багдадиге таандык делген аудиону таратты

Акыркы жолу аль-Багдади 2014-жылдын июнь айында Мосулду «ИМ» тобу басып алган учурда ан-Нури мечитиндеги намаздан кийин элдин алдына чыккан. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Акыркы жолу аль-Багдади 2014-жылдын июнь айында Мосулду «ИМ» тобу басып алган учурда ан-Нури мечитиндеги намаздан кийин элдин алдына чыккан.

Өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топтун согушкерлери тарабынан болжолу топтун лидери Абу Бакра аль-Багдадиге таандык делген аудио кайрылуу жарыяланды.

Аль-Багдадиге окшош үн менен сүйлөгөн киши Түндүк Кореянын АКШ жана Япониянын дарегине айтылган коркутуулары тууралуу сөз кылат. Ошондой эле «ИМ» тобунун негизги коргонуулары болгон Мосул сыяктуу аймактардагы июль айындагы кармаш тууралуу эскерет.

АКШ бийлиги аль-Багдадинин башына 25 млн доллар убада кылган эле. Аны 2014-жылдын июль айынан бери эч ким көргөн эмес. Мындай абалдын өзү аль-Багдади боюнча ар кандай божомолдордун тарашына себеп болгон.

Тагыраагы, 2017-жылдын июнь айында Орусиянын Коргоо министрлиги билдирүү таратып, 28-майда Раккадан алыс эмес жердеги аба соккусунан аль-Багдади мерт кеткен болушу мүмкүн экенин билдирген.

Деген менен ага чейин деле «ИМ» лидеринин өлтүрүлгөнү боюнча бир нече ирет маалымат чыгып, бирок такталган эмес.

Акыркы жолу аль-Багдади 2014-жылдын июнь айында Мосулду «ИМ» тобу басып алган учурда ан-Нури мечитиндеги намаздан кийин элдин алдына чыккан.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Июль айында Мосул Ирак армиясы тарабынан бошотулган.

Аль-Багдадинин коомчулуктун алдына жасаган соңку билдирүүсүнөн бери үч жыл өттү. Анын соңку жазып алынган аудио кайрылуусу өткөн жылдын ноябрь айында, Мосулду согушкерлерден бошотуу операциясы башталган учурда жасалган.

«ИМ» экстремисттик тобу 2017-жылы Сирия жана Ирак аймагындагы басып алган жерлеринен сүрүп чыгарылды.

46 минутага созулган аудио жазуу «ИМ» тобу менен байланышы бар сайтка жарыяланган. Аль-Багдади Сирия менен Ирактын чек арасындагы «ИМ» согушкерлери кармап турган аймакта болушу мүмкүн деген божомолдор бар. (AbA)