Президент Атамбаев иш сапары менен Ташкентке келди

Президент Атамбаев иш сапары менен Ташкентке келди Сүрөттүн автордук укугу official

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев эки күндүк расмий иш сапары менен Өзбекстандын баш калаасы Ташкентке келди. Аны Ташкенттеги аэропорттон Шавкат Мирзиёев тосуп алды.

«Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчылары кыргыз-өзбек мамилесиндеги актуалдуу суроолорду кеңири жана тар чөйрөдө талкуулайт",-деп жазды президенттин расмий сайты.

Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз-өзбек чек арасы боюнча документтерге кол коюлат деп күтүлүүдө.

Чек аранын 1170 чакырымы такталганы боюнча келишимге Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапары учурунда президенттер кол коюшкан эле.

Жакында эле Кыргызстандын парламенти чек ара келишимин ратификациялоо тууралуу мыйзамды кабыл алып, апта башында ага президент кол койду.

Сүрөттүн автордук укугу official

Узаак жылдардан бери орток пикир табылбай келген кыргыз-өзбек чек арасын боюнча соңку келишимди эки тарап тең чоң жетишкендик катары баалады.

Талаштуу делген калган 36 участок боюнча тараптар алдыда сүйлөшүүлөр уланат деп ишендирүүдө. Чек ара боюнча эксперттер чек аранын калган тилкелери мурдатан тараптар өз позициясын бербей келген, принципиалдуу жерлер экенине көңүл буруп жатышат.

Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапарынан кийин он жылдан бери бир тараптуу жабылып турган кыргыз-өзбек чек арасындагы эки өткөрмө бекет ачылган эле. (AbA)

Тектеш темалар