Кытайдагы компартиянын курултайынан эмне күтүлөт?

Компартиянын 19-курултайы 18-октябрда ачылат. Партиянын башында турган жетекчиликте масштабдуу алмашуулар болот деп күтүп жатышат. Сүрөттүн автордук укугу AFP/getty images
Image caption Компартиянын 19-курултайы 18-октябрда ачылат. Партиянын башында турган жетекчиликте масштабдуу алмашуулар болот деп күтүп жатышат.

Ар беш жылда дүйнө жүзү Кытайдагы башкаруучу партиянын курултайына күбө болот. Октябрдын ортосунда Кытайдын туш тарабынан келген Коммунистик партиянын делегаттары Пекинге чогулат.

Курултайда 1,3 миллиард кишинин тагдырын чечкен өлкөнү жана дүйнөдө экинчи орунда турган экономиканы башкарган партиянын лидерлери шайланат.

Компартиянын 19-курултайы 18-октябрда ачылат. Партиянын башында турган жетекчиликте масштабдуу алмашуулар болот деп күтүп жатышат.

Бирок партиянын азыркы лидери жана мамлекет башчысы Си Цзиньпин ордунда эле калышы мүмкүн.

Саясый бюро эмне менен алектенет?

Сүрөттүн автордук укугу AFP/getty images
Image caption Октябрдын ортосунда Кытайдын туш тарабынан келген Коммунистик партиянын делегаттары Пекинге чогулат.

Курултай 2300 кишиден турат. Бирок бул жолу 2287 гана делегатты тандап алышты. Массалык маалымат каражаттары кабарлагандай буга калган 13 кишинин «туура эмес жүрүм-туруму» себеп болгон.

Жабык эшик артында өткөн жыйында курултайдын катышуучулары таасирдүү Борбордук комитеттин курамын тандайт. Ага болжолу 200 киши кирет.

Комитет болсо өз учурунда саясый бюронун мүчөлөрүн тандайт. Андан анан туруктуу комитет түзүлөт. Бул кишилер өлкөдөгү негизги чечимдерди кабыл алышат. Саясый бюрого 24 киши кирет, ал эми туруктуу комитет жети кишиден турат. Бирок жыл сайын бул сандар өзгөрүүгө учурап турат.

Формалдуу түрдө буларды тандоодо партия добуш берет. Иш жүзүндө болсо бул кишилердин көпчүлүгү азырыкы лидерлер тарабынан тандалып алынып, аны комитет жөн эле жактырып берет.

Борбордук комитет партиянын лидерин - генералдык катчыны тандайт. Бул кызматтагы киши бир эле учурда Кытайдын жетекчиси кызматын аркалайт.

Азыр бул кызматта Си Цзиньпин олтурат. Ал өз ордунда эле кайра калышы мүмкүн.

Бул жылы эмне күтсө болот?

Сүрөттүн автордук укугу AFP/getty images
Image caption Си Цзиньпин өз ордунда эле кайра калышы мүмкүн.

19-курултайды байкоого алуунун эки себеби бар.

Биринчиден, Си Цзиньпин чоң доклад жасайт. Аналитиктер докладда Кытайдын алдыдагы беш жылдык саясатынын багыттарын түшүнүүгө мүмкүн болот белгилеп жатышат.

Экинчиден, саясый бюронун туруктуу комитети дээрлик жаңыланат.

Акыркы жылдарда партия бейрасмий түрдө партиялык кызматка келе тургандардын жаш курагын чектеп койгон. Жашы 68ге келген саясый бюронун мүчөлөрүнүн көбү кызматынан кетишкен.

Ошондуктан бул жолу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси 69 жаштагы Ван Цишань кетиши мүмкүн. Бирок ал Си Цзиньпиндин эң жакын өнөгү эсептелет. Ошондуктан аны кызматына кайра калтыруу аракети да болот.

Си Цзиньпиндин өзү 64 жашта болсо, анын премьер-министри Ли Кэцян 62 жашта.

Бул курултайда болочок лидерлердин, анын ичинде Синин беш жылдан кийин ордун баса турган болжолдуу мураскеринин кызматтык жүрүштөрү күтүлөт.

Болжолу курултайда партиянын Си Цзиньпиндин айланасына биригүүсү болот. Ал бийликке келген 2012-жылдан бери көп сандагы жаңы жетекчилерди кызматка койду.

Балким Си Цзиньпин башкаруу мөөнөтүн узартуу боюнча да демилге көтөрүшү мүмкүн. Азыркы мыйзам боюнча анын кызматы эки мөөнөт менен чектелген.

2012-жылы мамлекеттин башына келгенден кийин Си Цзиньпин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кеңири өнөктүк жүргүздү. Миллионго жакын бийлик өкүлдөрү дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган. Айрымдар муну Синин «каршылаштарын» жок кылууга багытталган чаралар катары эсептешет.

Өлкөдө Синин керт башын даңазалаган бүтүндөй кыймылдар пайда болуп, ал тууралуу пропагандалык ырларды чыгарып, ММКлар анын ишмердүүлүгүнүн оң тарабын гана жазып жатышат.

Аналитиктер курултайда туруктуу комитетте чоң өзгөрүүлөр болгонуна карабастан, Кытай мурдагы эле жолун улантат деп эсептешет.

Си Цзиньпин стабилдүүлүктү чыңдаган саясатын өнүктүрөт. Азырга чейин Кытайда беш жылдык экономикалык реформа планы жана коррупцияга каршы күрөшүү өнөктүгү күчүндө. (AbA)

Тектеш темалар