ДЧ-2018: Шотландия оюнчулары кыска бойлуу болгон үчүн утулдубу?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Гордон Стракан: баарына генетика күнөлүү.

Ырастоо: Футбол боюнча Шотландия курама командасынын башкы машыктыруучусу Гордон Стракан Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынан өтпөй калгандан кийин, футболчуларынын бойлору өтө эле кыска болгону жана алсыздыгы кедергисин тийгизди деп билдирүү жасады. Орусияда өтө турган 2018-жылдагы Дүйнө чемпионатына шотландиялыктар бара албай калат.

Иш жүзүндө: 2015-жылы Европа чемпионаты үчүн квалификациялык беттештерде Шотландия эң акыркы орунду алып калганда команда оюнчулардын бойлору европалык командалардын ичинен эң төмөндөн экинчи орунда болчу. Бирок ошого карабастан алар ийгиликтүү оюндарды көрсөтүшкөн.

Жекшембиде Словения менен болгон беттеште шотланддар Дүйнө чемпионатына баруунун акрыкы мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды. Оюн талаасында дагы, трибуна дагы көзүнө жаш алгандар көп болду.

Команданын башкы машыктыруучусу Гордон Стракан муну оюнчулардын физикалык сапаттарына шылтады. Каршылаштар күчтүү жана бойлору узун эле деди ал.

"Генетикалык көз караш менен алганда биз алардан артта калдык,-деди Стракан. - Өткөн чемпионатта биз испандарды айтпаганда эң жапыз бойлуу команда болдук».

Бул чындыкпы?

Ооба, чыны менен эле каршылаштары словениялык футболчуларына салыштырганда Шотландия оюнчуларынын бойлору 3 см кыска болчу. 2016-жылдагы Европа чемпионатында да испандарды кошпогондо, Шотландия оюнчулары эң кыска бойлуу болгону да ырас. Испандык футболчулардын орточо боюу 179,2 см. Ошол эле учурда шотландиялыктар - 180,1 см.

2015-жылы шотландиялыктар Европа чемпионатына тандоо оюндарынан өтпөй калышкан.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Питер Крауч жана Шон Райт-Филлипс Англия курамасындагы машыгуу учурунда.

Бирок испандар көпчүлүк оюндарын ийгиликтүү ойноп, катышууга укук алды. Кыска бойлуу командалар ичинде үчүнчү орундагы Португалия курама командасы чемпионатты утуп алды.

Глобалдык масштабдан алганда 2015-жылы оюнчулардын бойлору эң кыска он команданын катарында футбол боюнча дүйнө чемпиондугун утуп алган төрт команда бар:

  • Бразилия
  • Аргентина
  • Уругвай
  • Испания

Узун бойлуу оюнчулары бар командалар ичинен жалгыз гана Германия дүйнө чемпиону болгон.

Оюнчулардын бойлорунун узундугу боюнча эң биринчи орунда Сербия турат - 1,86 см.

Өлкө Орточо бойдун узундугу (см)
Сербия 185,6
Словения 185,5
Швеция 185,5
Босния-Герцоговина 185,5
Венгрия 185,4
Австрия 185,3
Исландия 184,8
Тунис 184,8
Германия 184,7
АКШ 184,3
Греция 184,1
Украина 184,0
Бельгия 183,9
Дания 183,7
Хорватия 183,7
Сенегал 183,7
Италия 183,6
Польша 183,3
Словакия 183,3
Швейцария 183,2
Корея 182,9
Орусия 182,7
Алжир 182,5
Түндүк Ирландия 182,3
Чехия 182,3
Албания 182,2
Коста-Рика 182,2
Код д'Ивуар 182,1
Иран 181,7
Түркия 181,7
Англия 181,6
Нидерландия 181,3
Франция 181,3
Камерун 181,2
Румыния 181,1
Израиль 180,7
Уэльс 180,7
Португалия 180,5
Нигерия 180,1
Шотландия 180,1
Колумбия 180,0
Бразилия 179,8
Аргентина 179,8
Уругвай 179,4
Мексика 179,3
Гана 179,2
Испания 179,2
Япония 178,4
Эквадор 178,2
Чили 175,6

Тектеш темалар