Испанияда параддан кийин аскер учагы кулады

аскер учагы Сүрөттүн автордук укугу AFP\getty images

Мадриддеги Испания күнүнө арналган параддан кийин Альбасетедеги Лос Льянос аскер базасына жакын жерде Eurofighter истребители кулап түшкөн.

«Учактын кырсыкка кабылганын ырастай алам»,-деди Коргоо министрлигинин өкүлү Франс-пресс агенттигине.

ММКдагы маалыматтарга караганда учкуч секирип үлгүргөн эмес. Анын каза тапканы айтылып жатат. Башка жабыр тарткандар тууралуу маалыматтар айтыла элек.

Испандык El Pais басылмасы күбөлөргө шилтеме берип, учак кулаган жерде өрт чыкканын жазды.

Бейшембиде болгон Испания күнүнө арналган парадка король Филипп IV жана премьер-министр Мариано Рахой баштаган жогорку кызматтагы өкмөт өкүлдөрү катышкан эле.

Каталонияда мыйзамсыз деп табылган рефрендумдан кийинки саясый кризистин фонунда бул салтанат өлкө биримдигинин символу катары көрүндү.

Бир күн мурун Испаниянын өкмөтү Каталониянын көз карандысыздыгы боюнча декларацияны четке каккан. (AbA)

Тектеш темалар