Испания менен Португалиядагы ондогон өмүрдү жалмаган өрттөр

A member of the public helping firefighting efforts looks at a forest fire in Gaeiras, Marinha Grande, in central Portugal 16/10/2017 Сүрөттүн автордук укугу EPA

Европанын түштүк-батышында токойдо болгон өрттөр Португалияда 31 адамдын, Испанияда үч адамдын өмүрүн алып кетти. Ондогон өрт очоктору алиге өчүрүлө элек. Бийликтер өрттүн себептерин өрттөгүчтөрдөн, күндүн ысыктыгынан, катуу шамалдан көрүп жатышат.

Выжженный лес в Испании Сүрөттүн автордук укугу AFP

Миңдей өрт өчүргүчтөр тилсиз жоо менен кармашып жатат. Аларга жергиликтүү жашоочулар жардамдашууда.

Живая цепь Сүрөттүн автордук укугу AFP

Португалияда өрттөн жаракат алгандар элүү адамдан ашты. Анын бир тобунун абалы оор. Жоголуп кеткендердин арасында бир ай мурун төрөлгөн ымыркай да кошо изделүүдө.

Вила-Нова Сүрөттүн автордук укугу AFP

Испанияда курман болгон үчөөнүн экөөсүнүн денеси жол четиндеги күйүп кеткен автоунаадан табылган.

Фатима и выгоревший дом Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Португалия төрт ай мурун эле өзүнүн тарыхындагы эң кесепеттүү өрттөрдү баштан кечирди.

Men gather cattle during a forest fire in Vieira de Leiria, Marinha Grande, Portugal 16/10/2017 Сүрөттүн автордук укугу EPA

Португалиянын болжол менен жарым аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди. Ондогон жолдор жабылды, кээ бир мектептер иштебей турат.

People view damage caused by fires at a camping ground in the Marinha Grande area of central Portugal Сүрөттүн автордук укугу EPA

Испаниянын бийликтери бирөөлөр атайы өрттөгөн деп шектенип жатышат. "Бул өзүнөн өзү башталып кеткен кырсык эмес", - деди премьер-министр Мариано Рахой Галисиядагы өрт өчүргүчтөр менен жолугушууда. - Провокация болгон".

A member of the public helping firefighting efforts looks at a forest fire in Gaeiras, Marinha Grande, in central Portugal 16/10/2017 Сүрөттүн автордук укугу EPA

"Пасос-де-Борбендеги чоң өрт эртең мененки эки жарымда беш жерде башталган. Табигый себептер менен муну түшүндүрүү мүмкүн эмес",- деди Рахой.

Виго Сүрөттүн автордук укугу AFP

.

Тектеш темалар