"Жаңы доор": Си Цзиньпин Кытайга заманбап социализмди убада кылды

Си Цзинпин Компартиянын курултайынын ачылышында сүйлөп жатат. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Си Цзинпин Компартиянын курултайынын ачылышында сүйлөп жатат.

Кытай дүйнөдө өзүнө борбордук роль ойноо милдети артылган "жаңы доорго" өткөнүн Кытайдын коммунисттик партиясынын кезектеги курултайында КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин билдирди.

Социалисттик ураан алдында Кытайдын жетишкен зор прогресси башка өлкөлөр үчүн тандоонун жаңы жолу бар экенин көрсөтөт, деп айтты Кытайдын лидери курултайда сүйлөгөн сөзүндө.

Курултай башкалар үчүн жабык өтүп жатат. Бул жыйын өлкөнүн келерки мөөнөттөгү өнүгүү жолун аныктайт.

Азыркы учурда бардык бийликти өзүнүн колуна топтоп жаткан Си Цзиньпин партиянын башында калат деп күтүлүүдө.

Ар бир беш жылда болуучу курултай келаткан шейшембиде аяктайт. Анын ишине эки миңден ашык делегат катышууда. Курултай коопсуздуктун өзгөчө шарттарында өтүп жатат.

Курултай бүткөндөн кийин өлкөгө Кытайдын башкы жетектөөчү органы - Кытай Компартиясынын БКнын Саясий бюросунун туруктуу комитетинин жаңы мүчөлөрү белгилүү болот.

Кытайдын лидери өзүнүн үч саатка созулган сөзүндө өлкөнүн жетишкендиктерин санап кетти жана Кытайдын жаңы доордогу социализми Кытай дүйнөдө зор күчкө айланып, адамзаттын тарыхында маанилүү роль ойнойт дегенди билдире турганын баса белгиледи.

Коммунисттердин башкаруусу алдындагы Кытайдын өнүгүү модели, Синин айтымында, өнүгүп жаткан башка өлкөлөргө жаңы тандоо берет. Си Цзинпин өзүнүн сөзүндө "Кытайдын өнүгүүсү жаңы доорго өткөнүн" 36 жолу кайталап айтты.

"Биз үчүн дүйнөдө борбордук орунду ээлегенге жана адамзаттын тарыхына дагы чоң салым кошконго убакыт келди",-деп айтты кытай лидер.

Си Цзинпин 2002-жылы бийликке келгенден кийин Кытайда модернизация жана реформалдар тездеди. Ошол эле учурда авторитардык бийлик күчтөнүп, элди көзөмөлгө алуу, цензура жана укук коргоочулар менен активисттерди кармап- камоолор көбөйдү.

Тектеш темалар