Ксения Собчактын талкуу жараткан саясий билдирүүсү

Россиялык белгилүү теле алып баруучу Ксения Собчак
Image caption Россиялык белгилүү теле алып баруучу Ксения Собчак

Россияда белгилүү теле алып баруучу Ксения Собчак президенттик кызмат үчүн ат салышарын жарыялады. Президенттик шайлоо өнөктүгү келерки жылы болот. Президент Путин шайлоого катышарын расмий түрдө билдире элек. Ал эми оппозициянын эң башкы саясатчысы Алексей Навальный соттолгон жаран болгондуктан аны шайлоого катыша албайт деп айтылууда. Сынчылар өз кезегинде Ксения Собчактын талапкерлигин коюп жатканын Кремлдин чыгарган оюну деп жатышат.

Ксения Собчак эмдиги жылы боло турган президенттик шайлоого оппозициянын атынан чыккан жатат. Ал өзүнүн талапкерлигин коерун жарыя кылып, россиялык башчылардын калпычылык, уурулук жана коррупциялык иштеринен жадап бүткөн элдин үнү болуп берерин айтты. Анын талапкерлиги оппозициянын классикалык либералдык өкүлүнө туура келип жатат.

Ал ошондой эле 14 жылдан бери президенттикке талапкерлигин койгон биринчи аял болуп калмакчы. Бирок теле алып баруучу жана коомдук журналист дароо эле чоң сынга кабылды.

Оппозициянын эң башкы саясатчысы Алексей Навальный азыркы учурда полициянын камагында жатат. Бирок ал камакка түшөрдөн мурда Собчакты оппозициянын карикатурасы деп атап, анын шайлоого барышын Кремлдин чыгарган оюну деп атаган.

Собчактын талапкерлиги коюлса, бул оппозицияда бѳлүнүп-жарылууга алып келет жана Путиндин дагы бир мөөнөткө шайланышы менен бүтөт деп жатышат.

Путин Ксения Собчактын үй-бүлөсү менен жаш кезинен бери эле достук мамиледе болуп келген. Ошондуктан Собчак Путинди сындап кандай үгүт жүргүзө турганы түшүнүксүз болуп турат.