Си Цзиньпин жаңы идеологиясы менен бийлигин бекемдеди

Chinese leaders Сүрөттүн автордук укугу AFP/GETTY IMAGES

Кытайдагы Компартиянын XIX курултайында жогорку даражадагы расмийлер Си Цзиньпиндин "ойлору" деген фразаны колдонууда. Мамлекетте коммунисттик партия бийликке келгенден бери, төрага Моанун идеологиялык пикирлерине гана "ойлор" деген фраза колдонулган.

Бир нече жогорку даражадагы расмийлердин айтылган сөздү колдонгону, эмдиги аптада курултай жыйынтыкталганга чейин Си Цзиньпиндин идеологиялык "ойлору" партиянын конституциясына кошулат деп жоромолдонууда. Ошондой эле, бул фразанын колдонулганы Си Цзиньпиндин партиядагы чоң таасирин айгинелейт деп айтылууда.

Кытай саясатын жашыруун жүргүзөт, бирок Коммунисттик партиянын политбюросунун бир нече өкүлү курултайда окшош фразаны колдонгону чоң өзгөрүүлөр тууралуу кабар берет.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Пекинде отко, суюктукка, шарларга эмнеге тыюу салынды?

Си Цзиньпиндин кайрылуусун талкуулаган топтогу партиянын жогорку даражадагы өкүлдөрү президенттин Кытайдагы социализмдин "жаңы доору" тууралуу ойлорун улам кайталап жатышты. Айтылган фразаны мамлекеттик маалымат каражаттары дагы колдонуп жатат.

Адистердин баамдоосунда, бул көрүнүш 20 жылдан бери Кытайдын мурдагы лидерлери жете албай келген максатка Си Цзиньпиндин жеткенинен кабар берет. Президент Кытайды түптөгөн лидерлер сыяктуу өзүнүн ысымын партиянын конституциясына жаздырышы күтүлүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Кытайдын Компартиясынын XIX курултайына эки миңден ашуун расмий катышууда

Коммунисттик партия бийликке келгенден кийинки Кытайдын 30 жыл тарыхы төрага Мао Дзедунга байлануу болсо, экинчи бөлүгү Кытайдын экономикасын түптөгөн Дэн Сяопинге таандык. Эми Си Цзиньпин курултай жыйынтыктала электе "жаңы доор" жарыялайт деп күтүлүүдө.

Си Цзиньпин 2002-жылы бийликке келгенден кийин Кытайда модернизация жана реформалдар тездеди. Ошол эле учурда авторитардык бийлик күчтөнүп, элди көзөмөлгө алуу, цензура жана укук коргоочулар менен активисттерди кармап- камоолор көбөйдү. (AT)

Тема боюнча башка макалалар