Каталония кризиси: жай жана кооптуу саясий шахмат оюну

Каталония кризиси курчуп баратат Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Каталония кризиси курчуп баратат

Испаниянын премьер министри бейшемби күнү Европа биримдигинин лидерлеринин Брюсселдеги саммитие келди. Бирок көргөн нерсеңизге алданбаңыз, үйдө баары жакшы эмес.

Испания чоң конституциялык кризиске батты. Испания конституциясы жазылган 1978-жылдан бери испан өкмөтү өзүнүн ичиндеги бир аймактын автономдук укуктарын ажыратып салуу боюнча 155-беренени биринчи жолдону колдонууга камданып жатат.

155-берене мурдаы 1980-жылдарда Канар аралдарына каршы рычаг катары колдонулуп, жергиликтүү башкаруу талаптарынан баш тартууга барган.

Каталония кризисинде болсо жиптер сөгүлүү учуруна жетти. Бирок бул жерде абайлаш керек.

Бир күндө эч нерсе өзгөрбөйт. Борбордук бийлик дагы Каталония өкмөтү дагы эл арасында бул чыңалуунун артып баратканын көрүп турат жана кескин ташталган бир кадам миллиондогон кишини көчөгө агызаарын билет.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Испаниянын премьер министри Мариано Ражой ишемби министрлер кеңешин чукул жыйынга чакыруу чечимин кабыл алды

Кырдаалды кантип жакшы жакка бурса болот?

Премьер министр Ражой ишембиде министрлер кеңешин чукул жыйынга чакырарын билдирди. 155-беренени колдонуу же колдонбоо тууралуу чечим кабыл алышмакчы. Эгер бул берене колдонулса, андан ары кандай кадамдар, кандай кезек менен жасалаары талкууланат.

Ишке ашырууну кичинекей кадамдар менен жасашы мүмкүн. Каталония бийлигинин мамлекеттик кызматта иштегендерге айлык берүү укугу алынышы ыктымал.

Андан катуу чара да болушу мүмкүн. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бийлигине караган полиция таратылышы ыктымал.

Күтүлгөн эң катаал чечим болсо Каталония бийлигинин жана жергиликтүү парламенттин таратылышы болмокчу. Мындай жол менен Каталонияда башкаруу толугу менен борбордук өкмөткө өтөт.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Каталония лидери Карлес Пучдемон референдум менен көз карандысыздык жарыялоо укугуна ээ болду дейт

Бул кадамдардын кайсынысы кандайча жасалары аныкталгандан кийин Каталониянын лидери жооп бериш керек болот. Парламентте өкмөт башчы Ражойдун партиясы көпчулүктү түзөт. Мындан улам бул жараянда тоскоолдуктар болушу күтүлгөн жок.

Бирок Каталониянын жергиликтүү бийлиги көз карандысыздык маселесин жергиликтүү парламентке добуш берүү үчүн сунушташы мүмкүн. Бир тараптуу көз карандысыздык жарыяланышы да ыктымал. Жергиликтүү парламенттин дүйшөмбү күнү жыйынга чогулаары күтүлүүдө.

Карама-каршы билдирүүлөр катуулап, чыңалуу жогорулаган сайын Мадрид 155-беренени ишке киргизүү маселесине абайлап мамиле кылыш керек.

Жүз миңдеген каталониялыктар көчөгө агылып, Мадриддин чечимине каршы чыкса эмне болот? Мисалы, жергиликтүү парламентти курчап, таратылышына каршы чыгышы мүмкүн.

Ошондой эле эгер 155-берененин колдонулушунун негизги максаты азыркы Каталония өкмөтүн таратып, аймакты жергиликтүү шайлоолорго катыштыруу болсо, каталониялыктардын көбү ойлогондой болбой калчудай эмеспи?

Салттуу медиа социалдык медиага көчөт жана абдан чоң мейкиндикке жете турган улутчул талкууларды жарата ала турганын ойлоп көрүңүз.

Каталония кризиси Евробиримдиктин расмий күн тартибиндеги темалардын бири эмес болчу. Бирок анын ичинде бейрасмий талкууланып жаткан.

Брексит эми кечээги окуя болуп калды. Брюселддин эң кызуу тема Каталония кризиси болуп калды.