Бийлик бутактарында аялдардын жоктугу бир эле Кытайда эмес

аялдар Сүрөттүн автордук укугу AFP

Мао Цзэдун аялдар асмандын жарымын тиреп турат деп айткан экен. Бирок кытайлык аялдар мурдагыдай эле жогорку мамлекеттик кызматтарга жете албай келишет.

Айталы, бул жолку Компартия курултайына катышып олтурган залдагылардын төрттөн үчү эркектер болду. Ал эми саясый бюрого 25 орундан экөөнү гана аялдарга ылайык көрүштү.

КЭРдин лидери Си Цзиньпин өткөн аптада Компартиянын 19-курултайын ачканда батыш маалымат каражаттары кытай бийлигиндеги жалаң шагыраган эркек жүздөргө көңүл бөлүштү. Кытай парламентинин болжолу 25 пайызын гана аялдар түзөт. Өткөн курултайда Борбордук комитетке 33 аял (9 пайыз) өттү, саясый бюрого экөө (8 пайыз).

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Компартия курултайына катышып олтурган залдагылардын төрттөн үчү эркектер болду.

Теңсиздик бир эле Кытайдын көгөйүбү?

Башка өлкөлөр менен салыштырганда Кытай аутсайдер эмес: ал АКШ, Индия жана Орусияны кууп өттү.

Саясаттагы аялдардын ролу демократиялык алдыңкы өлкөлөрдө болобу же автократия болобу, Батышта да, Чыгышта да калктын гендердик курамына жооп бербейт.

Кытайлык аялдар эркектерге караганда жогорку окуу жайларга көп тапшырганы менен карьералык өсүүсү татаал. Аларды эмне кармайт?

Адатта аялдар ЖОЖдо же жумушунда партияга өтүшөт. Бирок шаардын же провинциянын деңгээлинен жогору секирип кете алышпайт. (AbA)

«Аялдын орду үйдө жана ашканада деген кылымдар жашап келген түшүнүк бул - аялдар амибициялуу болбошу керек дегенди билдирет,-дейт Торонто университетинин саясат таануу боюнча профессору Линетт Хонг. - Аялдардын социалдык ролу күйөөсүнө, балдарына кам көрүү».

Орто катмардагы жетечилик кызматтарда аялдар жетиштүү. Жогорку тепкичке көтөрүлгөн сайын кырдаал такыр башка.

Улуу Британиядагы коомдук палатанын азыркы курамынынын үчтөн бирин аялдар түзүп, бул өлкө тарыхындагы реккордук сан деп саналат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Булардын фонунда Руанда өзгөчө бөлүнүп турат. Бул өлкөнүн парламентинин 61 пайызы аялдардан турат.

Япониянын өкүлдөр палатасынын ар бир онунчу депутаты аялдар. Ал эми Орусиянын мамлекеттик думасынын 16 пайызын аялдар түзөт.

Булардын фонунда Руанда өзгөчө бөлүнүп турат. Бул өлкөнүн парламентинин 61 пайызы аялдардан турат. Ошондой эле коммунисттик Кубада Улуттук ассамблеянын жарымын аялдар түзөт.

Аялдар Германиядагы Ангела Меркель башында турган Христиан-демократиялык союзунда 26 пайызды түзөт. Улуу Британиянын Консервативдүү партиясында 30 пайыз. (AbA)

Тектеш темалар