"Көчмөн айымдар": Киевде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлат

  • Алмаз Чороев
  • Би-Би-Си Кыргыз кызматы
көргөзмөнүн уюштуруучусу, Украинада жашап жүргөн кыргызстандык Алина Мурзаева

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Kөргөзмөнүн уюштуруучусу, Украинада жашап жүргөн кыргызстандык Алина Мурзаева.

24-октябрда Киев шаарында "Көчмөн айымдар" аттуу көргөзмөдө кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлат. Көргөзмө үч аптага созулат экен.

Иш чара Кыргызстан менен Украинанын дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгына арналган. Көргөзмөдө Юристанбек Шыгаев, Алия Шагиева жана

24-октябрда Киев шаарында "Көчмөн айымдар" аттуу көргөзмөдө кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлат.

Сүрөттүн булагы, Alina Murzaeva

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

24-октябрда Киев шаарында "Көчмөн айымдар" аттуу көргөзмөдө кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлат.

Айгүл Касымованын эмгектери жергиликтүү тургундарга көрсөтүлөт. Би-Би-Си көргөзмөнүн уюштуруучусу, Украинада жашап жүргөн кыргызстандык Алина Мурзаеваны кепке тартып, көргөзмөнүн максаты тууралуу сурады.

Алина Мурзаева: Учурда Украинада искусство өтө тез өнүгүп жатат. Кызыктуу эмгектер көп. Бирок бул мамлекетте Кыргызстандын сүрөтчүлөрү, анын ичинде кыргыздардын маданияты тууралуу маалыматы аз. Ал себептен украиналык курбум Иванна Бертранд экөөбүз көргөзмө уюштуралы деп чечтик. Биз кыргыздардын маданиятын көрсөтөлү деген максат койдук. Себеби көптөр көчмөн эли тууралуу билбейт, өзгөчө көчмөн маданиятындагы аялдардын орчундуу орду тууралуу маалыматы жок. Европада Кыргызстандагы аялдардын ордун эски көз караш менен билишет. Аялдардын иштеги жана үйдөгү чыныгы орду туура көрсөтүлгөн эмес. Ал себептен көргөзмөнүн аты дагы "Көчмөн айымдар".

Би-Би-Си: Көргөзмөгө сүрөтчүлөрдү кантип тандап алдыңыздар?

"Көчмөн айымдар"

Сүрөттүн булагы, Alina Murzaeva

Алина Мурзаева: Көргөзмөдө Юристанбек Шыгаев сыяктуу таанымал сүрөтчү менен бирге жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери аркылуу Кыргызстандын заманбап искусствосун көрсөтөлү деп ойлодук. Шыгаев кыргыз искусствосунун көрүнүктүү өкүлү болсо, Шагиева менен Касымованы жаңы муун катары санасак болот. Сүрөтчүлөр атайын көргөзмө үчүн сүрөт тартып беришти. Көргөзмөнүн ачылышына Кыргызстандын Украинадагы элчилиги дагы жардам көрсөттү. Көргөзмөгө дипломатиялык коомчулуктун өкүлдөрү келет деп үмүттөнүп жатабыз.

Би-Би-Си: Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектерине кызыгуулар барбы?

Алина Мурзаева: Көргөзмөлөрдүн уюштуруучулары жана башка сүрөтчүлөр менен баарлашып жатып, аларга биздин сүрөтчүлөрдүн эмгектери абдан кызыктуу болгонун көрдүм. Биздин сүрөтчүлөрдүн техникасы жана жалпы көчмөн маданияты, өзгөчө аялдардын орду кызыктырды. Бизде аялдар тарыхта элди башкарганы, бүгүнкү күнү дагы жетекчилик кызматтарды ээлегени жергиликтүүлөрдү кызыктырат. Көргөзмө ачылгандан кийин украиналык сүрөтчүлөргө тур уюштурабыз. Бул турду Украинанын сүрөтчүлөр бирикмеси жана заманбап көргөзмө уюштуруучулар күтүп жатат. Алар дагы биздин сүрөтчүлөрүбүз менен баарлашууга умтулууда. Ошондой эле Кыргызстандын искусствосу тууралуу лекция окуу үчүн Чолпон Тентиева дагы келет. Ал себептен көргөзмө аркылуу Кыргызстан тууралуу көп маалымат беребиз.

"Көчмөн айымдар"

Сүрөттүн булагы, Alina Murzaeva

"Көчмөн айымдар"

Сүрөттүн булагы, Alina Murzaeva

Би-Би-Си: Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн өзгөчөлүктөрү барбы?

Алина Мурзаева: Ооба, өзгөчөлүктөрү бар. Жаңы муундагы сүрөтчүлөрдүн техникасы айырмаланып турат. Украинада ар түрдүү сүрөтчүлөрдүн эмгектери бар. Бул мамлекет искусствого бай өлкө. Бирок кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектери айырмаланып турат экен. Өзгөчө көчмөн маданияты Европа үчүн жаңы тема. Ал себептен дароо айырма байкалат. Шыгаевдин эмгектери, анын техникасына көптөр кызыгууда. Саясат, искусство жана башка тармакта иштеген тургундар көргөзмөгө кызыгууда.

Би-Би-Си: Көргөзмөдө көчмөн маданиятындагы аялдардын ордун тема катары алып, кыргыз аялдарына эргүү берейин деген максат койдуңуздарбы?

Алина Мурзаева: Ооба, биз мамлекетибиздин тарыхында кыргыз аялдары лидер болгонун көрсөткүбүз келди. Бул маданият дагы деле уланып жатканы бышык. Борбор Азия чөлкөмүндө аялдардын коомчулукта олуттуу ролу жок деген пикир бар. Алар негизинен үйдү карап, бала багат деген ой бар. Албетте бул сөздө дагы чындык бар. Бирок көргөзмө аркылуу биз кыргыз аялдары үй-бүлөлүк очоктун ээси болуп туруп, лидер катары дагы мамлекеттин тарыхында олуттуу роль ойногонун көрсөткүбүз келди.