"Эхо Москванын" редактор орун басарына кол салуу болду

Татьяна Фельгенгауэрге Сүрөттүн автордук укугу ANATOLY STRUNIN/TASS

"Эхо Москва" радиостанциясынын имаратына кирип келген белгисиз киши редактор орун басары Татьяна Фельгенгауэрге кол салып, жарадар кылган.

Бул маалыматты Интерфакс агенттигине "Эхо Москванын" башкы редактору Алексей Венедиктов тастыктаган.

"Эхо Москванын" маалыматына караганда, кол салган киши кармалды. Татьяна Фельгенгауэр тамагынан жаракат алганы кабарланып, анын өмүрүнө коркунуч жок деп айтылды. Бирок аны ооруканага алып кетишкен. Редакция окуя тууралуу башка эч нерсе айткан жок.

Орусиялык маалымат агенттиктери кол салган киши менен журналисттин ортосунда жеке араздашуу болгон деп жазышууда. Бирок журналистти жакындан билген кесиптештери мындай билдирүүнү четке кагууда.

Фельгенгауэрге кол салуу боюнча Орусиянын Башкы прокуратурасы дагы үн каттып, иликтөөнү өз көзөмөлүнө аларын билдирген. Азырынча кылмыш иши козголо элек.

Татьяна Фельгенгауэр "Эхо Москвада" он жылдан бери эмгектенет. Ал биринчи жолу 2005-жылы кабарчы болуп жумушка орношуп, учурда алып баруучу жана редактор орун басары болуп иштейт. (AbA)

Тектеш темалар