"Маодон кийинки экинчи": Си Цзиньпиндин ойлору Кытайдын Конституциясына кирди

Кытайдын Коммунисттик партиясы Си Цзиньпин Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Кытайдын Коммунисттик партиясы Си Цзиньпинди статусун төрага Маонун деңгээлине көтөрдү. Курултайдын жабылышында партиянын лидерлери конституцияны өзгөртүп - "Си Цзинпиндин Кытай мүнөздүү жаңы доордогу социализм тууралуу ойлору" деген ураанды кошту.

Буга чейин Кытайдагы коммунисстик партияны түптөгөн төрага Мао жана 1980-жылдары экономикалык реформаларды жүргүзгөн Дэн Сяопин гана айтылган статуска ээ болгон. Талдоочулар бул кадам коммунисттик Кытай өнүгүүсү үчүнчү доорго өткөнүнөн кабар берет деп мүнөздөп жатышат.

Кытай өлкөнүн ичинде дисциплинаны сактап, чет өлкөдөгү таасирин дагы бекемдемекчи.

Бул дегендик эми Си Цзиньпин менен талашып тартышуу партиянын уставы менен талашканга тете дегенди туюндурат. Си Цзиньпин 2012-жылы партиянын жетекчилигине келгенден бери өзүнүн бийликтеги таасирин тынымсыз артырып келе жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Буга чейин Кытайдагы коммунисстик партияны түптөгөн төрага Мао жана 1980-жылдары экономикалык реформаларды жүргүзгөн Дэн Сяопин гана айтылган статуска ээ болгон.

Курултай өткөн аптада Си Цзиньпиндин үч саатка созулган сөзү менен башталган. Ал өзүнүн философиясын "Си Цзинпиндин Кытай мүнөздүү жаңы доордогу социализм тууралуу ойлору" деген аталыш менен тааныштырган эле.

Эми Кытайда «Си Цзиньпиндин ойлору» мектеп окуучулары, студенттер жана жумушчулар, Коммунисттик партиянын 90 миллион мүчөсү үйрөнүшү керек болот.

Кытайдагы Коммунисттик партия өлкө тарыхында «жаңы доор» башталды деп жар салганы дагы бекеринен эмес. Биринчи доор Маонун учуру болгон. Ал жарандык согуштан алсырап турган өлкөнү бириктирген. Экинчи доор өнүгүүгө сүйрөгөн Дэн Сяопиндин учуру. Үчүнчү, «жаңы доор» мындан дагы бекем, тартиптүү, алдыда дагы өнүгүүгө бет алган, эл аралык аренадагы күчтүү өлкөнү билдирет.

Си Цзиньпиндин ысымынын Баш мыйзамга киргизилиши анын атаандаштары эми өзүнүн лидерине каршы чыга албайт дегендик. Бир аптага созулган курултайга 2000ге чукул делегаттар катышты. Бүгүн негизги кызматтарга, маселен Борбордук комитет жана дисциплинардык комиссияга бара турган талапкерлердин ысымы жарыяланат деп күтүлүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Бир аптага созулган курултайга 2000ге чукул делегаттар катышты.

Шаршембиде Борбордук комитет саясый бюронун жогорку мүчөлөрүн тандайт. Ошондой эле саясый бюронун туруктуу комитетин жаңыдан шайланат. Күтүлгөндөй эле партиянын башында Си Цзиньпин өзү калат деп айтылууда.

Саясый бюронун туруктуу комитетине тандоого өзгөчө көңүл бурулат. Пекиндеги Би-би-си кабарчысы Робин Брант кабарлагандай, бул комитеттин мүчөлөрүнүн ичинен Си Цзиньпин өзүнө мураскер тандап алышы мүмкүн.

Си Цзиньпин башкарган жылдарда Кыйтада көзгө көрүнөрлүк өнүгүү болду жана өлкөнүн эл аралык позициясы чыңдалды дейт эксперттер. Деген менен авторитаризм, цензура кошо өксөнүн, адам укугун бузулган учурлар көп экенин белгилегендер бар. (AbA)

Тектеш темалар