Кыргыз-казак өкмөт башчылары «жол картасын» талкуулады

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Сүрөттүн автордук укугу official

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Армения баш калаасы Ераванда өтүп жаткан ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынынын алдында казакстандык кесиптеши Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту.

«Жолугушуу маалында Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаев тар чөйрөдө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын биринчи вице-премьер-министрлери башында турган делегациялар менен бирге «Жол картасы» долбоорун иштеп чыгууну талкуулашты. Андан соң жолугушуу эки тараптан барган расмий делегациялардын катышуусунда кеңири курамда уланды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтык жана 48 пункттан турган эки өлкө ортосундагы бардык маселелерди чечүүгө багытталган «Жол картасы» долбоорун талкуулашты. Премьер-министрлер тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго Жол картасы долбоорун ыкчам түрдө аягына чыгарууну тапшырышты»,-деп кабарлады өкмөттүн расмий сайты.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков менен Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагынтаев 18-октябрда жолуккан эле.

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков менен Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагынтаев 18-октябрда жолуккан эле. Жолугушууда чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы төлөмдөрүн жана салыктын алынышын ЕАЭС жана Дүйнөлүк соода уюмунун нормаларына шайкеш жүргүзүү маселелери каралганы белгилүү болгон. Казак тарап Кыргызстанды Евразиялык экономикалык биримдиктин нормаларын аткарбай жатат деп билдирүүдө.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында акыркы апталарда жаралган чек арадан өткөрүү тартибин жеңилдетүү боюнча макулдашуулар болгону айтылган.

Бирок чек арада абал өзгөрүүсүз кала берүүдө. Оор жүк тарткан унаалар Кыргызстандан Казакстан тарапка өтө албай чек арада сааттап кезек күтүп жатышат.

Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдында казак тарап чек арадан өтүү тартибин катаалдаштырып салган. Муну казак тарап Кыргызстандагы шайлоого байланыштырды. Бирок айрым талдоочулар бул жагдайды шайлоо алдындагы президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстанды шайлоого кийгилишип жатат деп айыптаган билдирүүсүнө казак бийлигинин жообу катары мүнөздөгөн. (AbA)

Тектеш темалар