Аялдардын спорттук кийимдери кандай өзгөрүүдө?

XX кылымдын башында аялдардын спорттук кийимдери бир топ эле ыңгайсыз эле. Мындай спорттук кийимдер кыймыл-аракетти чектеп, ыңгайсыздык жараткан.

Айталы, теннисте аялдар узун көйнөк жана шляпа кийип, спорт аянтчасында дагы «айымдардын образын» алып жүрүүгө тийиш болгон. Мындай жагдай ыңгайсыздык жаратып, баш-оту менен теннис ойногонго мүмкүндүк берген эмес экен.

Убакыттын өтүшү менен аялдар спортто өздөрүн активдүү көрсөтө баштады. Ошого жараша алардын кийимдеринде дагы өзгөрүү болду. Ыңгайлуу киймдер пайда болду, бирок дале айрым бир жагдайлар сакталып калды.

Аялдардын спорттук кийимдеринин тарыхына токтололу.

Британиялык теннисчи Шарлотта Купер аялдар арасындагы биринчи Олимпиада чемпиону. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Британиялык теннисчи Шарлотта Купер аялдар арасындагы биринчи Олимпиада чемпиону

Теннис

Олимпиада оюндарында аялдар биринчи жолу 1900-жылы катышкан. Аялдар Олимпиадага келген спортчулардын эки гана пайызын түзгөн. Аялдар үчүн беш гана спорттун түрү, анын ичинде теннис дагы бар эле.

Ал учурда аялдар теннис аянтына узун этектүү, жеңдери да узун көйнөк кийип чыгышкан.

Спорттогу ыңкылапты француз спортчу кызы Сюзанн Ленглен жасады. Спорттук ийгиликтеринен сырткары спорттук костюмун дагы өзгөрткөн. Сюзанн теннис аянтчасына жеңи жана этеги кыска көйнөк кийип, башына дагы тасма байлап чыкканы күйөрмандар үчүн өтө эле өзгөчө көрүндү. Кийин бул анын визиттик карточкасы болуп калды.

Революцияны француз спортчу кызы Сюзанн Ленглен жасады. Спорттук ийгиликтеринен сырткары спорттук костюмун дагы өзгөрткөн. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Аялдар спортундагы ыңкылапты француз кызы Сюзанн Ленглен жасады. Спорттук ийгиликтеринен сырткары спорттук костюмун дагы өзгөрткөн

Азыркы теннисчи кыздардын спорттук кийими активдүү ойногонго абдан ыңгайлуу. Спортчу кыздардын стили боюнча дагы алдыга жылыштар болду.

2007-жылы белгилүү Винус Уильямс өзүнүн жеке мода кийимдерин чыгарып баштаган.

Винус Уильямс Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Винус Уильямс

Синхрондук сүзүү

Учурда спорттун бул түрү укмуштуудай кооз спорттук костюмдар жана сууга туруктуу макияждар менен байланышта каралып калды. Бирок мурун андай болгон эмес.

Олимпиада оюндарынын программасына бул спорттун түрү 1984-жылы гана киргизилген.

"Русалкалар" деп аталган команда 1937-жылы Лондондогу Уэмбли стадионунда оюн көрсөткөн. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Русалкалар" деп аталган команда 1937-жылы Лондондогу Уэмбли стадионунда оюн көрсөткөн.

"Бул негизинен артисттик өнөрдү талап кылган спорттун түрү. Ошондуктан бул жерде жалпы образ абдан маанилүү. Идеалдуу чач жасалгасы, идеалдуу костюм жана идеалдуу дене түзүлүш манилүү»,-дейт канадалык спортчу Эрин Уилсон.

Олимпиада оюндарынын программасына бул спорттун түрү 1984-жылы гана киргизилген. Сүрөттүн автордук укугу Valery Sharifulin/TASS

Гандбол

Гандболчу кыз Изабелла Флери «100 айым» долбоорунун каармандарынын бири. Өткөн жылы командасы менен Рио-де-Жанейродо гандболдогу стандарттуу спорттук формага каршы чыкты. Бул бикиниге каршы чыккан акция соицалдык тармактарда активдүү талкууга алынган эле.

"Мелдештин акыркы беттешине биз чолок шым менен ойнойлу деп чыкканбыз. Бирок бизге купальник менен калуубузду өтүнүштү,-дейт спортчу кыз. -Биз ага каршылык билдирдик, андан кийин бизден чолок шымдарыбызды чечүүнү талап кыла башташты. Азыр эми бул эреже өзгөрдү».

Германиядагы эки алдыңкы аялдар командасы. 1935-жылы тартылган сүрөт. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Германиядагы эки алдыңкы аялдар командасы. 1935-жылы тартылган сүрөт
Бикиниге каршы чыккан спортчу кыздардын аракетинен кийин оюндун регламентине өзгөртүулөр киргизилген. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Бикиниге каршы чыккан спортчу кыздардын аракетинен кийин оюндун регламентине өзгөртүүлөр киргизилген
line

Футбол

Футболдун спорттук формасы Улуу Британиядагы аялдардын таламын талашкан кыймылдар менен түздөн түз байланышы бар. Мындай кыймылдардын активдүү өкүлү Флоренс Дикси Британияда футбол боюнча аялдар клубунун президенти болуп турган. Алар футболдун жардамы аркылуу викториандык көйнөктөрүнөн кутулабыз деп үмүттөнүшкөн.

"Аялдар футбол ойнобойт дегенге эч кандай себеп жок. Бул үчүн болгону ыңгайлуу спорттук кийим керек. Мода деп аталган колу-бутту таңып койгондой көйнөктөрдөн арылууга убакыт келди»-деп жазган Дикси 1895-жылы.

Футболчу кыз-келиндер машыгуу учурунда. 1939-жылы тартылган сүрөт. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Футболчу кыз-келиндер машыгуу учурунда. 1939-жылы тартылган сүрөт.

1921-жылы Британиянын футбол ассоциациясы уюм тарабынан уруксат берилбеген жерлерде аялдардын футбол ойношуна тыюу салган. Билдирүүдө: «Футбол аялдар ойной турган оюн эмес, ошондуктан аны жайылтуунун кажети жок»,-деп белгиленет. 1971-жылы гана бул тыюну алып салышкан.

2014-жылы Эл аралык футбол бирикмеси футболчу кыздарга баш кийим, анын ичинде хиджаб менен жүрүүгө расмий уруксат берген. Бирок спорт жетекчилери жоолукка уруксат берген эмес. Анткени жоолук моюндан же баштан жаракат алып калууга түртүп коюшу мүмкүн деп кооптонгон.

Оогандык футболчу кыздар. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Оогандык футболчу кыздар.

(AbA)

Тектеш темалар