"Сексуалдуу" Бразилия жана шумдуктары толтура Таиланд

Туристы у подножья Этны Сүрөттүн автордук укугу Sean Gallup/Getty Images

Көптөн бери жашооңузда жетишпей жаткан курч бурулуштарды эңсеп жүрөсүзбү? Төмөндөгү беш өлкө сиздин жашоого болгон кумарыңызды жандандырат.

Биздин ар бирибиз "кызыктуу окуяларды" ар кандай кабылдайбыз. Айталы, кээ бирөөлөр үчүн "шумдуктуу окуялар" экзотикалык тамак-аштар болсо, айрымдар үчүн бийик аска-тоолорго чыгуу.

Эгерде объективдүү айтсак, кишини көнүп калган жашоо ыргагынан чыгарган өлкөлөр бар.

Америкалык U.S. News & World Report журналы жакында эле укмуштарга бай өлкөлөрдүн рейтингин жарыялады. Ал рейтинг беш категория менен каралган. Анда: көңүл ачуу, меймандостук, климат, пейзаж жана сексуалдуулук деп бөлүнгөн. Акыркы категория абдан көп талкуу жаратты. Бул кантип бааланышы керек деп талашып-тартышкандар көп болду.

Эми биз рейтингдин башына чыккан өлкөлөр тууралуу азыноолак кеп салалы.

Сүрөттүн автордук укугу Rob Francis/rovertharding/Getty Images
Image caption Көп өлкөлөдө көндүм болуп калган ыңгайлуу жашоо агымынан чыгып кетүү оңой болот.

Бразилия

U.S. News & World Report рейтингинин сап башына чыккан Бразилия «көңүл ачуу» жана «сексуалдуулук» категориясы боюнча жогорку упайларга ээ болду.

Чыны менен эле жергиликтүүлөрдөн жугуштуу энергия чачырап турат жана бразилиялыктар өз өлкөсү жана каада-салттары менен сыймыктанышат.

«Биз мактанганды жакшы көрөбүз. Бизде даамдуу тамактар, дүйнөдөгү эң мыкты кофе жана эң сымбаттуу кишилер дагы бизде деп айтабыз»,-дейт Артур Соуза аттуу тургун.

Кызыктар туралуу айтсак, дүйнөдө аймагынын чоңдугу боюнча бешинчи орунда турган өлкө көп варианттарды сунуштай алат.

«Кызыктуу болсун десеңиз Амазонканын агымы менен серфинг тээп көңүл ачасыз, мемиреген тынчтыкты эңсесеңиз Фернанду-ди-Норонья архипелагынын жээгинде эс алыңыз,-дейт Соуза. -Эгерде уникалдуу нерселерди көргүңүз келсе, Ленсойс-Mараньенсис улуттук паркына же Илья-Гранди аралына барыңыз. Бул жердин жаратылышына адам колу тийген эмес. Кандай болсо ошондой сакталып турат».

Сүрөттүн автордук укугу Lonely Planet/Getty Images
Image caption Рио-де-Жанейродо самбаны таң атканча, буту колуңду жыйа албай калганча бийлесең болот.

Албетте, бийлеп, көңүл ачууну каалагандар үчүн Рио-де-Жанейро түнкү убакытка көп сандагы варианттарды сунуштай алат.

«Бизде пляждар, эски шаарлар жана империялык доордогу, колониялдык учурдагы эскермелер жетишерлик. Кечинде Лапага сапар алыңыз. Бул жерде музыканын түрдүү жанрларынан тартып, барлар жана кызыктар толтура. Районду жакшылап билиш үчүн сизге бир күн жетишсиз».

Италия

Жалпыга маалым, Италия тамак-ашы, искусствосу жана архитектурасы менен көптөрдү өзүнө тартып келе жатат. Бул өлкө пейзаж категориясы боюнча эң жогорку упайларды алган.

"Менин кичи мекеним болгон Сицилиядагы Катания шаарында сиз күндү деңизге түшүү менен баштайсыз. Ал эми күндүн батканын Европадагы эң активдүү вулкандан узатсаңыз болот", - дейт туристтик стартаптын адиси Жорджия Карраффа.

Сүрөттүн автордук укугу Sean Gallup/Getty Images
Image caption Этна жанар тоосунун жака-белинде саякаттоо, жүрөктү опкоолжуткан шумдуктарды жактыргандар үчүн абдан таасирдүү болсо керек.

Этна жанар тоосунун жака-белинде саякаттоо, жүрөктү опкоолжуткан шумдуктарды жактыргандар үчүн абдан таасирдүү болсо керек. Бул өлкөдө жашагандар көп түрдүүлүктү баалашат.

"Шаарчадан шаарга, өрөөндөн талаага саякаттап жүрүп кандай көп түрдүү маданият бар экенин көрөсүз. Ал тургай өлкөнүн ар түрдүү чөлкөмдөрүндөгү тилдик өзгөчөлүктөр дагы байкалат",-дейт Inspired Italy туристтик компаниясынын директору Тим Хадсон.

Италияны кызыктуу өлкө деп атоодогу негизги жүйө бул - көп түрдүүлүк.

Жылдын төрт мезгилинде тең көңүл ачууга кызыктуу аймактарды таба аласыз.

Испания

Испания «меймандостук» жана «көңүл ачуу» боюнча жогорку упайга ээ болду. Кызыктар тууралуу айтканда, ал сизди коңшу көчөдөн эле тосуп алат дейт тургундар.

«Биз испандар көбүрөөк көчөдөгү турмушту жактырабыз,-деп айтып берди Валенсиянын тургуну Хуан Кастильо.- Күн сайын жумуштан кийин достор менен сүйлөшүп олтуруу үчүн чогуласын. Валенсияда порт району же Русафта [шаардын тархый борбору] чогулса болот. Биз аңгемелешип, тамашалашып олтурганды жактырабыз. Биз жашоодон ырахат алабыз жана бизге келген чет өлкөлүктөр муну абдан бат кабыл алып кетишет».

Сүрөттүн автордук укугу Driendl Group/Getty Images
Image caption Мадрид тоолор менен курчалып, бир саатта эле унаа менен жетип ала турган кеминде үч тоо лыжа курорту жайгашкан.

Испанияга келүүнү эңсегендер, аларды эмне кызыктарарын билип алышы керек. Эгерде сизге кыш мезгили жакса, анда Мадрид тууралуу ойлонуңуз.

Шаар тоолор менен курчалып, бир саатта эле унаа менен жетип ала турган кеминде үч тоо лыжа курорту жайгашкан.

Жылуу аба ырайы жакса, сизге Барселона ыңгайлуу.

«Аба ырайы [Барселонада] абдан жагымдуу,-дейт теги чилилик, Barcelona Eat Local компаниясынын негиздөөчүсү Андре Арриас. -Жыл боюу күн жылуу. Кышында дагы жеңил бут кийим менен жүрөсүн. Кышкы оор бут кийимди сатып алууну ойлонбойсун».

Бул өлкөдө аска-зоого чыгам дегендер үчүн велосипедисттер Андалусиянын түштүгүнөн өтөр жер жок.

Таиланд

Таиланд «пейзаж» жана « көңүл ачуу» боюнча жакшы бааларды алды. Бул өлкө шумдуктуу окуяларды издеп келгендерден тартып, жөн гана тынч эс алып кетүү максатын көздөгөндөрдү дагы өзүнө тартып турат.

Айталы, Ко Панган аралында «Ай толгондогу кече» өтүп турат. Оюн-зоок таң атканча уланып, абдан кызыктуу дейт бул жерде туулуп өсүп, азыр АКШда жашаган Мириам Хершман.

Сүрөттүн автордук укугу GYSEMBERGH Benoit/Getty Images
Image caption Ко Панган аралында «Ай толгондогу кече» өтүп турат. Оюн-зоок таң атканча уланат.

Бирок аралга таптакыр башка максат менен келгендер көп. Йога менен алектенип, медитация үчүн келгендер болот.

«Түнкү жээкте көңүл ачууну каалагандар менен руханий азыктануу үчүн келгендер ортосундагы айырмачылык аралдагы атмосфераны уникалдуу көрсөтүп турат. Бир жагынан жан дүйнөдөгү мемиреген тынчтык. Экинчи жагынан, шумдуктарга толгон ызы-чуу».

Айрымдар улуттук ачуу тамактар үчүн дагы бул өлкөнү баалашат.

«Тайлардын маданий өзгөчөлүктөрү алардын ашканасынан эле байкалып турат. Муну түшүнүү жана сезе билүү туристтер үчүн татаал»,-дейт Бангкок тургуну, Intrepid Trave менеджери Чиван Суванапак.

Анын айтымында, жеген тамактын баары өзгөчө мааниге ээ жана анын ашказан менен эле сезбестен, жандүйнө менен дагы сезе билүү керек. Куурулган балыктар, жана ачуу камыр тамактарды Таиланддын түндүгүнөн көп кезиктиресиң. Чиангмай шаарына сапар ал.

Дойинтанон улуттук паркындагы чоку бийиктикти жактыргандар үчүн. Бул жер «Таиланддын чокусу» деп аталып, деңиз деңгээлинен 2565 метр бийиктикте жайгашкан.

Греция

Греция «пейзаж» жана «климат» боюнча жогорку упай алды.

Сүрөттүн автордук укугу Holger Leue/Getty Images
Image caption «Сууда сүзүүнү жактыргандар үчүн бул өлкө мыктынын мыктысы".

«Сууда сүзүүнү жактыргандар үчүн бул өлкө мыктынын мыктысы,-дейт The Olive Odysseys деп аталган чакан туристтик компаниянын жетекчиси, Эвия аралында жашаган теги америкалык Патриция Хаджифотиу. -Грек дарыгерлери пациенттерине сууда сүзүүнү сөзсүз жазып беришет. Эс алгандар жай боюу сууга түшкөн учурларын эсептеп, жазып коюшу керек. Анткени бул деген ден-соолук маселеси эмеспи, дене аркылуу биз кабыл алган күн, минералдар...»

Грециядагы аралдар тууралуу айтып бересең узун сөз. Сууда эс алуунун түрү бар. Эми биз мындан башка туристтер үчүн кызыктуу жайларга токтоло кетели.

Сүрөттүн автордук укугу APing Vision/STS/Getty Images
Image caption Афинадагы Панатинаикос стадионунда 1896-жылы азыркы доордогу биринчи Олимпиада оюндары өткөрүлгөн.

Афина биринчи жолу Олимпиада оюндарын Панатинаико стадионунда өткөргөн. Бул жер дүйнөдөгү бүтүндөй мрамор менен курулган жалгыз имарат. Бул жерде VI кылымда эле ат майданы болгону тууралуу маалыматтар бар.

Жергиликтүүлөрдү жана туристтерди ар күнү эрте менен (саат 7:30дан 9га чейин) чуркоо үчүн келүүгө чакырышат.

Макаланын оригиналын англис тилинде BBC Travel сайтынан окуңуздар.Эми бул тизмеге кирбей калса да туристтер үчүн кызыктуу, жогорудагы беш категориянын көбүнө жооп берген Кыргызстан тууралуу кыскача кыстырма.

Кыргызстан

Борбор Азиянын бийик тоолуу өлкөсү Кыргызстанда алпинисттер үчүн кол жеткис бийик чокулар эмне деген "пейзаж". Бул чокулар шумдуктуу окуяларды сүйгөн эр жүрөктөрдү өзүнө тарткан дүйнөдөгү сейрек жерлердин бири.

Айталы, Тянь-Шань тоо кыркасында жайгашкан Кыргызстандагы эң бийик чоку Жеңиш чокусу деңиз деңгээлинен 7439 метр бийиктикте орун алган.

Жыл сайын ондогон туристтер агылып келген Чоң-Алай кырка тоосундагы Ленин чокусу деңиз деңгээлинен 7134 метрди бийиктикте жайгашкан.

Булардан башка аска-зоого чыгып, бийиктикти багындырам дегендерге мындай жайлар Кыргызстанда жетишерлик.

Image caption Эки жыл мурун Forbes журналы "Каракол" лыжа базасын КМШ өлкөлөрүндөгү алдыңкы 10 базаларынын бири деп тапкан.

Сууга түшкөндөрдү, көлдүн жээгинде мемиреп, күнгө кактанып эс алам дегендерге жайында Ысык-Көл. Ат минип, тоо аралап, кыргыз даамдарын татам дегендер үчүн кооз жайлоолор. Бул "меймандостук" категориясына жооп берет.

Кышында болсо, кыргыз тоолорунда лыжа тебүүчү жайлар кандай керемет. Эки жыл мурун Forbes журналы "Каракол" лыжа базасын КМШ өлкөлөрүндөгү алдыңкы 10 базаларынын бири деп тапкан. (AbA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар