Ден соолук үчүн маанилүү болгон уйку тууралуу 10 факты

уйку Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Өткөн жекшембиде жайкы убакыттан кышкы убакытка өткөн өлкөлөрдөгү тургундар уйку үчүн кошумча бир саат убакыт алышты. Чынында уйку тууралуу, анын ден соолукка таасири боюнча эмне билебиз?

1. Баарына белгилүү «сегиз сааттык уйку»

Көп учурда сөзсүз сегиз саат укташ керек деген кеңештерди угуп жүрөбүз. Мындай кеңешти дүйнө жүзүндөгү саламаттыкты сактоо боюнча уюмдар берип келе жатышат. Айталы, британдык NHSден тартып, америкалык Уйку көйгөйү боюнча улуттук фонд ушундай сунуштама берет. Бирок бул акылман кеңеш кайдан чыккан?

Калктын кайсыл катмары көп учурда оору-сыркоого кабылат дегенди аныктоо максаты менен өткөрүлгөн ар кайсыл өлкөлөрдөгү иликтөөлөрдүн тыянагы окшош эле. Анда чала уйкудан жабыр тарткан кишилер же ашыкча уктагандар илдеттерге көп кабылышат жана алардын турмушу ортодон төмөн абалда деп көрсөтүлөт.

Бирок, уйкунун бузулушу оору-сыркоонун себеби боло алабы же тескерисинче сергек жашоодон алыс калгандыктын белгисиби дегенди түшүндүрүү кыйын.

«Өтө кыска уйку» деген алты сааттан кем уктагандарга айтылат. «Өтө көп уктады» деген тогуз-он сааттан ашык уктагандарга берилген мүнөздөмө.

Адатта адистердин кеңеши боюнча ымыркайлар суткасына 18 саат укташы керек. Балдар болсо 11 саат, өспүрүмдөрдүн уйкусу 10 саат болушу керек.

Дублиндеги коллежде баш мээ боюнча эксперименталдык иликтөө жүргүзгөн бөлүмдүн профессору Шейн О'Маранын пикиринде, чала уйку ден соолуктун начарлашына себеп болгон деп бир тараптуу айтуу кыйын. Бирок бул эки нерсе бири-бирине түздөн-түз таасирин тийгизет дейт ал.

Мисалы, физикалык көнүгүүлөргө көп маани бербеген кишилер начар укташат. Андыктан аларда алсыроо болуп, тыянагында кайра эле спорт менен машыгууга күчү калбайт жана башка.

2. Чала уктаганда организмде эмне өзгөрүү болот?

Уйкунун жетишсиздиги бир катар илдеттерге алып келиши мүмкүн. Беш миллиондой киши катышкан 153 иликтөөнүн тыянагы көрсөткөндөй, чала уйку диабетке, кан басымынын көтөрүлүшү, жүрөк, кан тамыр системасындагы илдеттерге, ашыкча салмакка алып келет.

Дени карды соо киши деле бир нече түн катарынан чала уктаган болсо, диабет оорусуна кабылуу абалына туштугат. Чала уйку организмдин кандагы глюкозанын деңгээлин көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт.

Жетишсиз уйку иммунитетти дагы төмөндөтүп, муну менен биздин организм инфекцияларды бат кабыл алууга өтөт.

Иликтөөлөрдүн биринде, уйкусу жети сааттан аз убакытты түзгөн катышуучулар жети саат же андан көп уктагандарга караганда сасык тумоого үч эсе көп кабылышкан.

Ошондой эле чала уктаганда мээнин активдүүлүгү дагы төмөндөп, эс тутум начарлаган.

Профессор О'Мара түшүндүргөндөй, токсиндик каражаттар күн бою мээге топтолуп, уйку учурунда жок болот. Эгерде жетиштүү уйку болбосо, сиздин абалыңыз «мээнин жеңил чайкалуусуна кабылгандай» абалды элестетет.

Ал эми өтө көп убакытка созулган уйкунун таасири тууралуу иликтөөлөр азыраак. Бирок ал деле чоң кишилердин организминдеги бир катар тескери таасирлерди берери белгилүү.

3. Организмдин калыбына келишине жардам берген уйкунун ар кандай түрлөрү

Биздин уйкубуз бир нече баскычка бөлүнгөн циклдардан турат. Ар бир циклдын узактыгы 60 тан 100 минутага чейин уланат. Ар бир баскычтын өзүнүн ролу бар.

Биринчи баскычта - дем алуу акырындап, булчуңдар бошошуп, жүрөктүн кагышы жайлайт.

Экинчи, бир аз тереңирээк уйку, бул учурда уктап жатып, бирок сиз ойго болгондой абалды сезесиз.

Үчүнчү баскыч - терең уйку. Бул эми ойгонуу өтө кыйын болгон учур. Бул учурда организмдеги ар кандай эле активдүүлүк минималдык деңгээлде болот.

Экинчи жана үчүнчү баскыч жай уйкуга кирет, адатта бул мезгилде киши түш көрбөйт.

Терең уйкудан бир нече минутадан кийин биз кайра экинчи баскычка кайтып келебиз. Андан кийин тез фазага өтөбүз. Адатта бул фаза түш көрүү менен коштолот.

Мындай жол менен киши бардык циклда бүт баскычтарды басып өтүп, андан кийин кыска убакытка экинчи фазага кайра кайтып барып, андан кийин төртүнчү баскычка - тез уйку фазасына өтөт.

Чала уйкунун таасири көп жагынан ушул акыркы баскычка таасир этет.

4. Нөөмөттө туруп иштеген кишилердин уйкусу бузулуп, ооруга көп чалдыгышат

Нөөмөт менен алмашып иштөө ден соолукка байланыштуу көйгөйлөрдүн негизги себеби болуп калышы мүмкүн.

Иликтөөчүлөр нөөмөт менен иштегендер өтө аз жана туура эмес убакытта укташарын аныкташкан. Бул болсо ашыкча салмакка жана диабеттин көбөйүшүнө алып келе турган коркунучту пайда кылат.

Окумуштуулар бул топтогу кишилер стандарт иш графиги менен иштегендерге караганда, өнөкөт илдеттер менен көбүрөөк жабыркашат деп эсептейт. Статистикалык маалыматтар экинчи нөөмөттө иштегендер оорусуна байланыштуу жумуштан көп калышарын көрсөткөн.

Бул жерде акыл эмгеги менен жана физикалык жумуш кылгандар ортосунда дагы айырма бар. Чала уйку көп жагынан бир ордунда олтуруп иштегендерге көбүрөөк таасир этет.

5. Мурдагыга караганда азыр чала уйку менен кыйналгандар көп

ММКдагы кабарларга көз жүгүртсөң, бизди уйкусуздуктун эпидемиясы каптап кеткендей таасир калтырат. Бирок чынында уйкунун жетишсиздигинин деңгээли өсүп кеттиби?

15 өлкөдөн келген иликтөөлөр күлкүлүү сүрөттөлүштү берет. Алты өлкөдөн окумуштуулар уйкунун узактыгы төмөндөгөнүн катташкан, ал эми жети өлкөдө жогорулаган. Дагы эки өлкөдөгү тыянактар карама-каршы жыйынтык берет.

Соңку учурда уйкунун узактыгында кадыресе өзгөрүүлөр болгонун күбөлөгөн маалыматтар бар.

Уйку көйгөйү жынысына жана жаш курагына дагы байланыштуу болот экен. Муну Британиядагы 2000 киши катышкан иликтөө көрсөттү. Иликтөө жүрүшүндө кайсыл куракта болбосун аялдар эркектерге караганда чала уйку менен көп жабыркашат. Бул эми көбүрөөк балалуу болгон учурларга туш келсе керек.

Кофеин менен алкоголь дагы уйкунун сапатына жана узактыгына терс таасир этет.

6. Биз ар дайым эле азыркыдай уктаган эмеспиз

Эгерде адаттан сырт учурларды (Мисалы, Маргарет Тэтчер төрт саат эле уктаган) эсепке албаганда, негизинен көп кишилер кечинде уйкуга кам урушуп, жети, сегиз саат укташат.

Бирок бул ар дайым эле норма болуп эсептелген эмес дейт Виргиниядагы университеттин тарых боюнча профессору Роджер Экирх. Ал 2001-жылы 16 жылдык иликтеп жүргөн илимий ишин жарыялаган. Жүздөгөн жылдар мурун кишилер уйкуну экиге бөлүп укташкан деп жазат ал.

Бирок муну менен макул болбогон дагы окумуштуулар бар. Экирхтин пикиринде, эки фазалуу уйкунун монофазага өткөн учуру XIX кылымда болду. Үйлөрдү жарыктандыруу мүмкүн болгондон кийин чоң өзгөрүүлөр башталган.

7. Өспүрүмдөрдүн уйкусуна телефон тоскоолдук жаратат

Адистер өспүрүмдөр кеминде 10 саат укташы керек деп кеңеш берет. Бирок алардын дээрлик жарымы мындан аз укташат дейт британдык саламаттыкты сактоо уюму.

Уктоочу бөлмө эс алуучу бөлмө эмес, көңүлдү алагды кылган буюмдар - ноутбук, мобилдик телефондор турган бөлмөгө айланган учурлар көп.

Мунун баары уйкуга таасирин тийгизет.

Адистер уктардан 90 минута алдын электрондук каражаттардын баарын өчүрүп салууга кеңеш беришет. Антсе деле жатар алдында телефон менен интернетти бир казып чыкмайын уктабагандар көп да.

8. Уйкунун бузулушу тууралуу иликтөөлөр көбөйдү

Уйку көйгөйү менен даттанып, дарыгерлерге кайрылгандар саны көбөйүп баратат.

Июнь айында мунун баарын анализдеп чыккан британдык саламаттыкты сактоо мекемеси, жыл сайын уйкунун бузулушун иликтөөгө алган изилдөөлөр көбөйүп жатканын белгилейт.

«Бир нече факторлор бар, анын ичинде маанилүүсү ашыкча салмак ,-дейт невролог Гай Лешцинер. -Эң көп тараган даттануулар уктап жаткан учурдагы дем алуунун бузулушу, ал болсо ашыкча салмак менен түздөн-түз байланышта».

Анан бул жерде маалымат каражаттарынын дагы ролу бар. Уйкунун бузулушу тууралуу макалаларды окуп алган кишилер, дароо эле дарыгерлерге кайрылып башташат эмеспи дейт ал.

9. Өлкөнүн жайгашкан абалына карап айырмачылыктар болобу?

Иликтөөлөрдүн биринин негизги предмети өнүккөн 20 өлкөдөгү кишилердин адаттары менен байланыштуу болду.

Иликтөөчүлөр социалдык факторлор, мектептеги сабактардын жадыбалы сыяктуу жагдайлар күндүн караңгы жана жарык түшкөн учурларындагы айырмачылыктарга караганда уйкугу көп таасир этет деген тыянакка келишкен.

Норвегияда 24 саат бою караңгы болуп турган учурлар болот же тескерсинче жарык болгон мезгил. Бирок уйкунун узактыгы жылына орточо жарым саатка гана өзгөргөн. Жыл мезгилдерине карап күндүн чыгышы менен батышында айырмачылыктар болгонуна карабастан Британияда уйкунун узактыгы жыл бою өзгөргөн эмес.

Электр жарыгына жете элек Танзания, Намибия, Боливия сыяктуу өлкөлөрдөгү айрым аймактарда уйкунун узактыгы боложолу 7,7 сааты түзөт. Башкача айтканда, өнүккөн өлкөлөрдө канча болсо, бул жерде деле ошондой эле.

10. "Торгой" жана "үкү"

Ар дайым «түнкү» жана «таңкы» кишилер болуп келген.

Болжолу биздин арабыздагы кишилердин 30 пайызы «торгой» болгонго ылайыкташкан, дагы 30 пайызы «үкү», а калган 40 пайызы ушулардын ортосунда. Бирок көпчүлүгү кеч жаткандан көрө, эрте турганды туура көрүшөт.

Мунун менен биз биологиялык саатыбызды көзөмөлдөй алабыз. Колорадодо изилдөөчүлөр ыктыярчылар командасын тандап алып, аларды 48 саат жасалма жарыксыз калтырган. 48 саат эле алардын биологиялык саатын эки саатка алдыга жылдырып койгонго жетиштүү болду.

Алардын организиминдеги уйкуга даярдануу керек деп белги берген гормондор адаттагыдан эрте эле көтөрүлүп баштаганы байкалган. (AbA/AT)

Тектеш темалар